Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:55

Муса Мураталиев, Москва Орусияда президентти шайлоо жакындаган сайын жогорку орунду ээлегени жаткан, бийлик өзү көрсөтүп, таламын талашып келе жаткан талапкердин ким экендигин билүүгө көпчүлүк ынтызар болушуда. Байкоочулар ушул убакытка чейин Медведевдин чындыгында ким экенин жакшы билишпегенин айтышууда. Анын эл алдында сүйлөгөн сөзүнөн, жүрүм-турумунан келечекте мамлекеттин башчысы болуп келе жаткан кишинин жүргүзө турган саясат багытын билүү кыйын дешет. Ал эми болочок президент Дмитрий Медведевдин кийинки учурда эл алдында сүйлөгөн сөздөрү укуктук нигилизм тегерегинде болуучу болду.

Былтыр, 2007-жылы, Давос калаада, азыркы өкмөт башчыга биринчи орун басар, Дмитрий Медведев, «Демократиялык жолдо эмес бир да мамлекет нагыз гүлдөп өнүкпөгөнүн биз жакшы билебиз. Ал бир гана жөнөкөй себептен улам болот: эркиндик бейэркиндиктен өйдө», - деген.

Андан бери кыйла суу агып, Путин аны өзүнүн мураскору катары көргөзүп, суверендүү демократия ээлери азыр, шайлоо алдында анын атын сүрөшүп, мамлекет башына койгону аткан Медведевдин чынында ким экенин билүүгө ынтызар болгондор көп болууда. Шааниси жагынан советтик, бирок жаңыча бийлик жүргүзө баштаган ык менен Кремль шайлоо өттүгө окшоштуруп, мамлекеттик-бюрократиялык машине жардамы менен жогорку орунду ага алып берүү аракети жасалып атат.

“Ал бийликке жеткенден кийин Путиндин тилинен чыкпай жүрөбү?” деген суроого байкоочулардын көбү “ооба, ал бери дегенде төрт жыл жөн жүрүүгө аргасыз” дешет. Бирок анны Путиндин колундагы тактекеге айланат дегендер да бар. Жок, ал президенттикти алгандан кийин өз алдынча саясат жүргүзгөнгө кудурерти келет дегендер тобу башкача ой жорутушууда. Маселен, “Карнеги” корунун анализчиси Андрей Рябовдун байкашынча:

-Медеведевдин колундагы бийлик баарыдан мурда коомчулукту базарлык экономика менен демократиялык жолго алып келүүгө тийиш. Бирок азырынча андай жышаан бар деп айтышка такыр негиз жок, - дейт.

24-январда Воронежде чыгып сүйлөп, Медведев:

-Бийлик – ыйык нерсе. Бүгүнкү Орусиядагы бийликтин кемчиликтери жана мүчүлүштөрү барбы? Бар. Аларга кандай да болгондо бир чара көрүү зарыл. Мен канткенде аларды оңдоого боло тургандыгын билем, бирок азыр айтуу али эрте, - деген.

Ушундан улам талдоочулар болочок президенттин тышкы жана ички саясатагы карманчу жолу кандай болор экен дешип баштары маң болууда. Саясий талдоочу Наталья Геворкян айтканга караганда орусиялык жаңы жетекчинин тамырын тартып, сырын билүү өтө кыйын:

-Менин билгеним аз. Дмитирий Медведевдин шайлоо алдындагы сайтына кирдим. Ага жарыш Хиллари Клинтондун сайтын да ачтым. Медведевге Караганда, Хиллари Клинтон жөнүндө абдан көп маалымат таптым, Медведеви абдан аз билем, - дейт.

Орусиянын социологиялык мекемелери өз сурамжылоолорун жүргүзүп, анын жыйынтыгында шайлоого барам дегендер арасынан, Дмитрий Медведевге добушун беребиз дегендер эсеби, бери дегенде, төрттөн үч бөлүгүн түзөрүн аныкташкан. Алардын арасынан аны «инсан» дегендер эсеби 40 пайыз, «иш колунан келчү адис» дегендер эсеби андан саал азыраак жана «чынчыл» дегендер эсеби 11 пайызды түзүшкөн.
XS
SM
MD
LG