Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

14:15 Кыргызстанда майып адамдардын саны жылына сегиз пайызга өсүүдө


2008-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 110 миң 700 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катталган. Өзгөчө балдар арасында майыптардын саны жогорулаганы байкалууда. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Өктөмхан Абдуллаева бүгүн парламент жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын 44,6 пайызын аялдар түзөт жана алардын жалпы санынан 2 пайызы мамлекеттик кызматта иштешет. Ошондой эле министирлик парламенттин кароосуна майыптарга төлөмдөрдү көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорлор топтомун киргизишти. Депутаттар көзү азиз адамдарга төлөмдөрдү элүү сомго көбөйтүүгө макулдугун беришти. Аскердик кызматта майып болгондорго болсо, төлөмдөрдү он беш пайызга көтөрөөрү маалым болду. (ESu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG