Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

15:40 Москвада киши колдуу болгон кыргыз жаранынын аты-жөнү такталды


Иликтөө иштеринин натыйжасында ал акыркы убакта Москвадагы дүкөндөрдүн биринде жүк ташуучу болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы Таалайбек Жороев экени аныкталганын «Азаттыкка» бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров билдирди. Маркум Москвага Баткен облусунун Кадамжай районунан барган. Анын артында жубайы жана эки баласы калды. Кечээ кечинде Москва шаарындагы көчөлөрдүн биринен бычак жеп каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгү табылган. Кабарларга караганда, иликтөө иштери анын денесине 30 жолудай бычак урулуп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн көрсөтүүдө. Ушуну менен Орусияда соңку айларда эле 5 кыргыз жараны ушундай тагдырга кабылып отурат. (SM)

XS
SM
MD
LG