Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

17:58 Нарын шаарындагы Аламышык тоосунун карагайлары 30 пайызга чейин кыркылып азайган


Мындай маалымат Нарын шаарындагы Демократияны колдоо боюнча маалымат борбордо болуп өткөн “Аламышыктын көз жашы” аттуу тегерек үстөл жыйынында айтылды. “Абдулразак” коргоо коомдук уюмунун лидери Абдразак Шермамбетов Аламышыкта Нарын шаарына карай 20 жерде карагай ташыган ууру жолдор бар экендигин, карагайларды кыйып келип сатуу көнүмүш бизнеске айлангандыгын белгиледи. Нарын токой чарба ишканасынын башкы токойчусу Улан Шерипов Аламышыктын жылгаларында 150 гектар токой аянты бар экендигин, бирок бир токойчуга 7-10 миң гектар аянт туура келгендиктен көзөмөл кылууга мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгын билдирди. Бул багытта тиешелүү органдар тарабынан өткөн жылы 8 кылмыш иши козголуп, 41 текшерүү жүргүзүлүп, 113 миң сомдук айыптоо коюлган. Токойлорду сактоого өкмөттүк маани төмөндөдү, мындай саясат токойлордун жылдан-жылга азайуусуна алып келе берет дейт, Нарын токой чарбасынын бөлүм башчысы Бекбосун Өскөнбаев. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG