Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Көп өлкөлөрдө жеке менчик гезиттер конкреттүү бир талапкерди колдоодон сактанышат, себеби бир тарапка тартканда окурмандардын ишениминен чыгып, гезит аз сатылып калат деп коркушат. Бирок Кошмо Штаттарында бейтараптуу басылма катары эбактан белгилүү болгон гезиттер да шайлоодо тигил же бул талапкерди жактап чыкканы кадыресе көрүнүш. Америкалык гезиттер окуяларды бейтарап чагылдыруу менен саясий колдоону кантип тең алып жүрүшөт? Мына ушул жаатта журналистиканы изилдеген профессордун пикирин билсек.

Америкалык гезиттерде саясий колдоо адатта редакциялык атайын макалалар аркылуу жасалат. Бул - редактордун же гезит ээсинин пикири экендиги түшүнүктүү болсун үчүн андай макала атайын так көрсөтүлгөн "редакциялык бетте" жарыяланат.

Биздин бүгүнкү маектешибиз Марк Фелдштейдин айтымында, саясий талапкерди колдоо менен бейтарап чагылдыруунун тең салмактуулугун камсыздоо үчүн редакциялык кеңеш менен жаңылыктар бөлүмү бир бирине таасир этпегидей эки бөлөк иштеши зарыл:

- Гегизттин редакциялык бөлүмү менен кабарчылар бөлүмүнүн ортосунда темирден жасалган тосмо болушу керек. Ошондо редакторлук бөлүм ар кандай турумдарды колдой берет, ал эми кабарчылар кабарларды бейтарап чагылдырууну улантат. Теорияда да, иш жүзүндө да ушундай.

Фелдштейн Вашингтондогу Жорж Вашингтон университетинде маалымат каражаттары жана коомдук иштер боюнча сабак берген профессор изилдөөчү.

Ал айтканына мисал катары белгилүү "Файнэншиэл Таймс" гезитин келтирсек болот. Окурмандар бул гезитти өтө бейтарап, экономикалык же финансылык гана эмес, саясий окуяларды да бир жагына тартпай, кылдат жана терең чагылдырган басылма катары баалашат.

Бирок гезиттин редакциялык саясаты өтө консерваторлук турумду карманаарын баары эле биле бербейт. "Файненшиэл Таймстын" редакциялык бөлүмү колдогон адамдардын былыгын жаңылыктар бөлүмүндөгүлөр чубап чыккан учурлар сейрек эмес.

– Дээрлик бардык гезиттерде редакциялык бөлүм көлөкөдө калат. Каражат, адам күчү дээрлик бүт жаңылыктарга, бейтарап чагылдырууга жумшалат. Редакциялык тарапта саналуу гана адам бар. Гезит ээси аларга таасири бардай көрүнүүгө мүмкүнчүлүк берет, бирок окурмандардын арасында редакциялык көз карашты окугандар көп деп ойлобойм, алардын таасири жокко эсе,-дейт профессор.

Гезит бир талапкерди колдосо, өзүнө эле жаман. Мисалы, жаңылыктар жалаң фактылардын негизинде болгон күндө да, окурмандар ал гезитти тигил же бул талапкерди колдойт деп ойлоп калат. Эгер ал талапкер гезит сатылган аймакта көпчүлүктүн сүймөнчүгү болбосо, гезит окурмандарынан айрылып калышы мүмкүн. Бирок Фелдштейндин айтымында, окурмандар редакциялык колдоого анчейин көңүл бурушпаса деле, салт боюнча гезиттер жалпы улуттук шайлоодогу талапкерлерди колдоону уланта берээрин болжолдоого болот.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG