Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:48

Орусияга кеткен кыргыз жарандарынын көбү ал жактын жарандыгын алууга аракет кылып, кыйласы ал мүдөөсүнө эбак жетишкен. Айрым адистер кош жарандуулук маселеси оңунан чыкпаган соң, Орусиянын жарандыгын алган миңдеген кыргызстандыктар кайра артка келиши күмөн дешет. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановский болсо, алар эч качан кош жарандуулукту кабыл албай турганын жар салды. Кыргыз бийлиги буга чейин Орусия менен кош жарандуулукка баруу тилегин билдирип келген эле.

Акыркы күндөрү Орусиядагы улутчул жаштардын чабуулунан бир канча кыргызстандык набыт болгонуна карабай, Орусиянын жарандыгын алгысы келгендердин саны арбын. Бирок Орусиянын бийлик өкүлдөрү кош жарандуулук маселесин четке кагышкандан бери, ал өлкөнүн жарандыгын алып жаткан кыргызстандыктар “болочокто кайра ата мекенге келсек, жарандыгыбызды калыбына келтирүү кымбатка туруп калбайбы” деген суроонун үстүндө түйшөлүп жатышат. Мурда кыргыз бийлиги Орусия менен кош жарандуулукту кабылдоого ниети бар экендигин билдирип келген эле. Миграция жана жумуштуулук комитетинин төрага орун басары Токтосун Сабыровдун айтымында, Орусия бул маселени чоюп келаткандыктан ушундай жооп болору башынан белгилүү болчу:

- Эми мындай жооп күтүлгөн эле нерсе болчу. Анткени Орусия муну көптөн бери чоюп келатпадыбы. Ошол себептүү кош жарандуулук боюнча ушундай жооп болду.

Ошондой эле анын ырасташынча, кош жарандуулук боюнча сүйлөшүүлөр ишке ашпай калган соң, эми Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар бир эле учурда эки өлкөнүн жараны деп эсептелбейт:

- Азыркы бизде иштеп жаткан мыйзам боюнча Орусиянын жарандыгын алгандар, кайра келип биздин жарандыкты ала алышпайт. Жарандык боюнча мыйзамдын бешинчи беренесинде ушундай жазылган, бир эле өлкөнүн жараны болушу керек. Кайра алыш үчүн ал жактын жарандыгынан толк чыгышы керек. Бул өкмөттөр аралык келишим боюнча чечилмек эле, бирок Орусия буга чекит коюп салды.

Ошентсе да бир катар адистер бул жерде бир катар түшүнүксүз нерселер бар экендигин айтып, мыйзамдардын чийки иштелгени укуктук маселелердин чыгышына себеп болуп жатканын айтып жатышат. “Замандаш” ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү Жума Абдуллаевдин пикиринде, азыркы тапта Орусиянын жарандыгын алып аткан кыргызстандыктар эски паспортун деле кайра артка кайтуу тилегин кылышып сактап жүрүшөт:

- Кош жарандуулук боюнча бизде укуктук вакуум болуп атат. Орусиянын жарандыгын алган адамдар “де-факто” Кыргызстандын жараны эмес, бирок “де-юре” Кыргызстандын жарандыгы да сакталып турат. Бирок муну тастыктаган, дааналаган мыйзам жок. Биздин конституция кош жарандуулукту тааныйт, биздин атуул Орусиянын жарандыгын алып, кийин кайра келип мурунку паспорту менен каттоого турса, ал анда автоматтык түрдө Орусиянын жарандыгын жоготот.

Серепчилердин айтымында, негизинен Кыргызстандыктар иштегенге жеңил болсун үчүн гана Орусиянын жарандыгын алышат. Бирок бир канча жыл иштеп, кайра мекенине кайтуу мезгили келгенде бир топ тоскоолдуктар болушу мүмкүн дешет алар. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев болсо, кыргыз бийлиги кош жарандуулук маселесин көтөрүп туура эмес саясат жүргүзгөн деп эсептейт. Анын айтымында, чар жайыт саясат жүргүзүп, өзүнүн туруксуздугун, байкуштугун көргөзгөн бийлик чоң мамлекеттерди иренжитет:

- Бүгүнкү күнү чар жайыт саясат жүргүзүп, бизде АКШнын базасы турса, конституцияга жанагы нерсени киргизе коюп, эки тараптуу келишим менен кош жарандуулукка жол ачабыз дегенибиз аларды бери дегенде кооптондурат, туруксуздугубуз чочутат.
XS
SM
MD
LG