Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Кыргыз өкмөтү энергетика тармагын менчиктештирүүнү ушул жылдын күзүнө чейин ишке ашырууну көздөөдө. Кыргызстандын бирден-бир көзгө басар байлыгы болгон тармакты жеке колго берүүгө карата коомчулук азырынча терс пикирде. Мына ушуга байланыштуу кабарчыбыз Замира Кожобаева учурунда менчиктештирүү жараянын жүргүзүүгө түздөн-түз катышкан, мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин мурдагы жетекчиси, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбековду кепке тарткан эле.

-Равшан мырза, менчиктештирүү жараянын жүргүзүп келген адис катары айтсаңыз, энергетика тармагын менчиктештирүүдөн Кыргызстан эмне утуп, эмне уттурушу мүмкүн?

- Мурда мамлекеттик мүлк министрлигин жетектеген адам катары айтайын деген оюм: Кыргызстандын энергетика тармагын менчиктештирүү биздин азыркы президенттин же өкмөттүн чыгарган демилгеси эмес, бул - мурдатан эле келаткан дүйнөлүк каржылык уюмдардын бизге коюп келе жаткан талабы. Бирок бул талап бекеринен келип чыккан эмес, бул талаптын бир топ жүйөөлүү себептери бар. Анткени биздин кыргыз тарап өзүбүздүн мамлекеттик мүлкүбүздү, мамлекеттик байлыгыбызды башкара албай жаткандыгыбызды, мамлекеттик байлыгыбызды күндөн-күнгө тоноп жок кылып, акыр аягына чыгып баратканыбызды дүйнөлүк каржы уюмдары көрүп туруп, биздин өзүбүздөн өзүбүздүн мүлктү сактап калыш үчүн ушундай талаптарды коюп атат. Мурдагы министр катары айтат элем, чынында мурдагы президентибиз дагы энергетика тармагын жана башка мамлекеттик ири ишканаларды башкара алган эмес, талап-тоноого жол берип койгон. Ошол убакта башкара алганда абалды бир топ оңоп койсок болот болчу.

Мен үчүн эң таң калычтуусу – 2005-жылы элдин ишеними менен бийликке келген жаңы президент эки-үч жыл иштебей туруп, мамлекеттик ири ишканаларды башкара албай жатканын мойнуна алгандыгы. Бул аябай зээнди кейитет. Анткени президенттин эң башкы байлыктарыбызды башкара албай жаткандыгын мойнуна алгандыгы – башка нерсени да мойнуна алган болуп эсептелет. Энергетика тармагы биздин мамлекетибиздин ашып барса 5-6% түзөт. Эгер ушуну башкара албаган мамлекет башчысы мамлекетти башкара алабы? Бул өтө кооптондура турган сөз.

-Менчиктештирүү менен Кыргызстандын өзүнүн байлыгын өзүнө калтыруу аракети болуп жатат, деп айтып кеттиңиз.. Бирок бул тармак чү дегенде эле чет элдик инвеcторлордун колуна тиери турган иш. Анткени Кыргызстандын өзүндө энергетика тармагын сатып алууга кудурети жетер инсандар жок деген пикирлер бар. Ал эми чет элдик инвесторлордун Кыргызстандын өнүгүүсүнө, элдин жашоосуна күйөрү күнөм санатып атат..?

-Айтканыңыз туура. Кыргызстан дүйнөлүк уюмдардын мүчөсү же дүйнөнүн бир бөлүгү болгон соң, биз кандайдыр бир ишканаларды аукционго коюп же дүйнөлүк базарга алып чыга турган болсок, анда биз бир гана кыргыздар сатып алсын деп чектей албайбыз. Биз сатыкка алып чыккан ар бир мамлекеттик мүлк ким кааласа, бүт дүйнө жүзүнөн каалагандар келип катышып, сатып алууга укугу болуш керек. Бирок ушул биз сатыкка коюп аткан ишканаларды алып, мамлекеттин кызыкчылыгына жооп берип, элге арзан кызмат көрсөтсө, анда андан мамлекетке эч кандай зыян келбейт. Бул жерде башка маселе болуп атат. Эл азыркы күндө мамлекетке, бийликке ишенбейт. Ошондуктан биздин бийлик энергетика тармагын кандай гана деңгээлде ачык, таза сатпасын, эл буга ишенбейт. Элдин бийликке болгон ишеними –сөзсүз түрдө бийликтин жасап аткан иштерин өз таасирин тийгизбей койбойт. Бул -өлкөдөгү абалды мындан ары да начарлатат.

-Кумтөр алтын кенин Канадалык ишкерлерге берүү менен Кыргызстан өз байлыгынын эч кандай үзүрүн көргөн жок, деген нааразылыктар айтылып келет. Бул жолу да коомчулукта, элде ушундай ишенбөөчүлүк көз караш болууда..?

-Туура. Мен азыр өкмөттө отурган кээ бир министрлердин же парламентте отурган депутаттардын ойлоруна таң калам да. Алар сөзсүз түрдө мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө беришибиз керек, деп айтып атышат. Менчиктештирүү жараянын алып барган мурдагы министр катары айтар элем: биз бардык мүлкүбүздү менчикке чыгарып кереги жок. Эгерде колубуздан келсе, өзүбүз жакшынакай кылып башкарышыбыз керек. Пайдасын мамлекет алып, үзүрүн эл көрүүгө тийиш.

А эгерде президент өзү баш болуп, мүлкүбүздү башкара албайт экенбиз деп отурса, анда албетте берүүгө туура келет. Анткени биз энергетика же башка тармакты өзүбүздүн атка минерлерден, өзүбүздүн уурдап аткан кээ бир адамдардан сактап калыш үчүн сөзсүз түрдө менчиктештирүүгө берүүгө туура келет.

Кумтөр жөнүндө айта турган болсок: Кыргызстан кичинкей мамлекет. Биздин атка минерлер эл аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албагандан кийин, дүйнөлүк экономика, дүйнөлүк базарды билбегенден кийин ири компаниялар менен сүйлөшө албайт. Биз кайсы гана мүлкүбүздү сатпайлы, дайыма өзүбүздүн позициябызды дайыма уттуруп турабыз. Анткени бизде татыктуу адистер, татыктуу кадрлар, сүйлөшүү жүргүзө ала турган адамдар жок. Ошондуктан, Кумтөр дагы кыргыз өкмөтүн дайыма соттон утуп келет.

-Ушул эле акыбал эртең энергетика тармагы менчикке берилген учурда кайталанбайт, деп эчким кепилдик бере албайт турбайбы..?

-Ооба. Эч ким кепилдик бере албайт. Кумтөр менен болуп аткан окуялар энергетика же башка тармакты менчиктештирүү жүргүзүлгөндөн кийин сөзсүз түрдө кайталанат. Биздин өкмөтүбүздүн алы ири инвесторлор менен күчтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жетпейт. Ошондуктан бул кайталанат. Балким ошол менчиктештирүүнүн арты менен бийлик да алмашуусу мүмкүн. Анткени менчиктештирүүнүн экономикалык, социалдык таасири сөзсүз түрдө элдин нааразычылыгына, толкундоолорго алып келет. Себеби сатып алган адам бааны көтөрөт, электр энергиясын өчүрө баштайт, сатып алган меничк ээси өкмөткө, элге өз шартын кое баштайт.

Кыргызстандын эли алардын шартына көнө албайт, көтөрө албайт. Ошентсе да биздин Кыргызстан деген бир гана мамлекетибиз бар, биздин кыргыз деген улутубуз бар. Ошондуктан, эч убакта башыбызды жерге салбай, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн азыркы бийлик аракет кылып жаткан авторитаризмге, тоталитаризмге, бир адамдын бийлигине каршы туруп, бардыгыбыз “жок” деген сөзүбүздү айтышыбыз керек.

-Рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG