Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

Акыркы бир айдын ичинде Орусияда иштеп жүргөн бешинчи кыргыз жараны мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул окуя буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлигине атайын нота жөнөткөн Орусиядагы кыргыз элчилигинин аракетин дагы күчөтүүгө түрткү болуп, Орусия менен Кыргызстандын өз ара алакасына көлөкө түшүрө турган окуя деген баа берилип, Жогорку Кеңеш Орусиянын Мамлекеттик Думасына атайын кайрылуу жөнөтүү маселесин көтөрдү.

Жаңы жыл жаңыргандан бери Орусияда иштеп, Ата Мекениндеги тууган-уруктарынын аз да болсо материалдык тиреги болуп жүргөн кыргыз атуулдарынын бешөө киши колдуу болуп, тиги дүйнөгө бет алышы коомчулук гана эмес Жогорку Кеңеш депутаттарын да тынчсыздантып, 7-февралда спикер Адахам Мадумаров бул окуя боюнча Орусиянын Мамлекеттик Думасына расмий кайрылуу жолдоо демилгесин көтөрдү. Аны даярдоо жана Жогорку Кенештин кароосуна коюу парламенттер аралык жана эл аралык мамилелер комитетине тапшырылды.

Ал эми буга чейин төрт кыргыз жаранынын улутчул такырбаштардын колунан мерт болгондугуна катуу тынчсызданганын билдирип, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, Башкы прокуратурасы менен Ички иштер министрлигине нота жөнөткөн Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров кайрылуудан аздап болсо да жыйынтык болууда деп билдирди:

- Биз нота менен Орусиянын Тышкы иштер жана Ички иштер министрлигине кайрылгандан кийин Санкт-Петербургда болгон кайгылуу окуя боюнча мааламат алдык. Ал иш боюнча 15 жаштан 18 жашка чейинки 3 жаш жигит кармалды. Алар биздин жарандарды өлтүргөндөрүн мойнуна алышты. Андан кийин Москвадан 18 жаштагы эки студент кармалды. Алар бардыгы болуп 20 адамды өлтүргөнүн мойнуна алышты. Бирок, биздин атуулдардын өлүмүнө тиешеси барбы же жокпу азырынча айта албайбыз.

Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын бейкүнөө набыт болушу Кыргызстанда жүрөк кейиткен окуя катары кабыл алынып, аны жөнгө салууга президент, өкмөт жана парламент тарабынан эл аралык деңгээлде аракет көрүлөөр деген үмүт чоң болгону менен аны катардагы ээнбаштык катары санап, адам өлтүрүүлөрдү мамлекеттер аралык маселеге айландыруунун зарылчылыгы жок деген коом өкүлдөрү бар.

Кыргызстандагы “Славян фондунун” төрагасы, Орусиялык мекендештердин Кыргызстандагы кеңешинин координатору Валерий Вишневскийдин айтымында, башка улуттагы киши өлтүрүүлөр Кыргызстанда да ондоп саналган жана көпчүлуктү кабатырланткан окуялардын бири. Бирок, ага саясий баа берип, мамлекеттер аралык талашты жаратуунун зарылдыгы жок:

- Мен катардагы адам катары кайсы бир жерде башка улуттагы адам өлтурүлсө ага ар кандай улуттардын бири-бирин жек көрүусү катары көрсөтүугө аракет кылгандарга абдан өкүнөм. Бул таза келесоолук. Тилекке каршы, Кыргызстанда да, Орусияда да ээнбаш зөөкүрлөр толтура. Зөөкүр кайсы жерде жүрсө да улут катары эсептелбейт, ал бардык жерде зөөкүр. Ошондуктан, бул окуяларды эки мамлекеттин мамилесининин чегинде чууга айландырып, достукка доо кетирүү кимдир бирөөлөрдүн гана кызыкчылыгындагы иш болушу мүмкүн.

Валерий Вишневский мындан тышкары зөокүрлүк кылган адамдарды Орусиянын тартип коргоо органдары аныктап, мыйзам чегинде жаза берерине ишенгендигин баса белгиледи.

Орус маданиятынын Бишкектеги “Гармония” аттуу борборунун төрагасы Александар Степанюк болсо, бир улуттун өкүлдөрү көп жүргөн жерде зөөкүрдүк болушу, демек, кыргыз атуулдары көп жыйналган Орусиянын Москва, Санкт-Петербург шаарларында улутуна карабай эле катардагы ээнбаштык катары болгон окуяны улуттар аралык жек көрүү маселесине айландыруунун зарылдыгы жок деп билдирди:

-Өзүңөр байкап көргүлөчү, Кыргызстандын эң көп сандагы жарандары Орусиянын аймагында жүрүшөт. Менин баамымда, айрым учурда ушундай окуяларды апыртып жиберишет. Себеби, бир улуттагы адамдар көп чогулган жерде андай ээнбаштыктар болушу толук мүмкүн. Бирок, ал улутуна эле карап эмес, бир улуттагы адамдар арасында деле болушу мүмкүн. Ошон үчүн ага саясий баа берүү эртелик кылат.

Александр Степанюктун пикири боюнча, Орусиянын бийлик жетекчилерине расмий кайрылуу жолдоордон мурун окуяны дыкат иликтөө зарыл.

Кыргызстандагы саясат таануучулар болсо мындай пикирге макул эмес. Алардын бири, саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун баамында, Орусиядагы улутчул такырбаштардын башка улуттагы адамдарга карата зөөкүрдүгү Орусиядагы жаштар арасында фашисттик маанайдын өөрчүп бараткандыгы менен байланыштуу. Ушундан улам, башка улуттагы киши өлтүрүүлөрдү катардагы окуя катары эмес, Орусиянын коомдук саясатындагы корукунучтуу багыт катары баалоо зарыл:

- Орусиянын бийликтеринин буга унчукпай көз жуумп коюп жатышы өтө коркунучтуу тенденция. Себеби, аны бийлиги деле, милициясы деле көрүп турат. Демек, бул жерде көрүнгөндөр келип алып биздин жерди ээлеп алды деген улутчул маанайдын күчөшүнө жол берилиши чоң кемчилик. Ошон үчүн киши өлтүргөндөр жаза албайт. Мындай маанайдын жаштар арасында таралышына түрткү берген улуу муундагы адамдар бар. Ага Орусиянын өкмөтү тезинен баа бербесе, акыры жаман болот.
XS
SM
MD
LG