Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:23

Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек УТРКнын жетекчилиги менен ачкачылык акциясына чыккандарды Аксакалдар жамааты ынтымакка чакырдыбы? Бул тууралуу “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна УТРКнын Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Шалиман Нурматова жооп берди.

-Мына, бир нече күндөрдөн бери УТРКнын нааразылык билдирген тарабы ачкачылыгын улантууда. Ушул түзүлгөн кырдаал чыгармачылыкка кандай таасир тийгизүүдө?

-Чыгармачылыкка таасирин тийгизген жок деп ойлойм. Мен мурдагы күнү, ага чейин дагы болдум. Жаштар кадимкидей эле ойноп-күлүп, эч нерсе менен иши жок эле иштеп жатышат. Албетте таасир тийгизет экен. Өзгөчө бизден кийинки муундагыларда нааразылык болуп, эки-үчтөн болуп, сүйлөшүп жаткандарын байкадым.

-УТРКнын Аксакалдар кеңеши эрегешкен тараптарды мунасага, ынтымакка чакырдыңыздарбы?

-Туура айтасыз, бул кеңеш бар. Болгону менен бул күчсүз, колго алынган эмес. Бирок Аксакалдар кеңешиндеги адамдардын он чактысы менен кеңешип, телефон аркылуу алар ушунчалык катуу кайгырып, бири-бирибиз менен байланышта болуп оутруп, биз өзүбүз кайрылуу жасадык. Алардын бардыгы 30-45, алды элүү жыл иштеген аксакалдар. Бирок ошол аксакалдар аларга барып, “мындай кылалы, тигиндей кылгыла” дегенге мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок биз кат аркылуу өз жообубузду жолдодук.

-Буга чейин дагы УТРКдагы жетекчилерге нааразы болуп, соттошкон, ачкачылык жарыялаган учурлар болду эле. Мындай көрүнүш улана берсе, коомчулукка кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

-Албетте, коомчулукка таасир тийгизбей койбойт. Себеби, экиге бөлүнүү деген ушундан башталып жатпайбы. Тигил жакка, же бул жакка тартуу сыяктуу. Мында саясий маанай жок, бирок жаман эле көрүнүш экен. Мисалы мен ушул жерден айткым келет: белгилүү журналист, абдан жакшы жигит Бекешовдун, экрандан чыгып жүргөн кыздар-балдар, элдин тагдырын чечип жүргөн бегилүү болуп калган жигиттер, ошол сыяктуу Бекешовдун көкүрөгүнө табличка илип чыкканы абдан өкүнүчтүү болду.

-Мына ушул УТРКдагы абалды турукташтыруу боюнча бийлик тараптан кандайдыр бир аракеттер көрүлүп жатабы?

-Аракеттер болуп жаткан экен. “Барып атышат, жиберип жатабыз” дейт. Кечээ деле бир тобу барып келген экен. Бирок булар ачкачылыгын токтотууга ниеттери жок экен.

-Ушул кырдаалды жөнгө салуу боюнча эмне кылуу керек? Сиздин аксакалдык пикириңизди уксак?

-Менин оюмча, ар ким өз деңгээлине жараша иш кылыш керек. Бул деле акылга сыя турган иш эмес. Өздөрү эле бири-бири менен эле сүйлөшүп, жакшы акылга келип, мен ушуну дагы бир жолу айтам силердин эфир аркылуу, жетекчилик менен бирге мейли бир жакка келип, же алар барып эле жакшынакай чечишип алса болмок. Тынччылык керек да. Мен Эшимкановду жакындан тааныбайм, эки гана жолу көрдүм. Бирок жетекчиликке дагы мүмкүнчүлүк бериш керек да. Жаңы эле үч ай болуп, жаңылануунун ыкмасын пайдаланып жатат, жаңы программаларды берип жатат, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат. “Кызматтан алып койду” деп эле мындай ишке баруу туура эмес го.

-Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG