Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:50

ЖАЛАЛАБАТ: ТЕРРОРЧУ ДЕП ШЕКТЕЛГЕНДЕРДИН ҮСТҮНӨН СОТ ИШИ БАШТАЛДЫ


7-февралда Жалалабатта Өзбекстандын эки, Кыргызстандын үч жаранынын үстүнөн сот жараяны башталды. Өзбекстандык адамдардын бирине террорчулук менен эктстремизмге байланыштуу “курал-жарак алып жүргөн, тартип сакчыларынын өмүрүнө зыян келтирген, кылмыш жасап, качып жүргөн” деген айып коюлса, экинчисине “чек араны мыйзамсыз кесип өткөн” деген кине тагылууда. Соттун алгачкы күнү анын бири айыптарын жарым-жартылай алаарын, колго түшкөндөн кийин кыйноолорго туш болгонун билдирди. Кыргызстандык үч жаран куралдуу кылмышкерлерди билип туруп жашырып койгон деп айыпталууда.

2006-жылы июль айында облустун тартип сакчылары менен Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү деп шектелген 10 киши жашынган үйдү текшерүүгө барышкан. Бирок, үй ээлери менен ал жерге бекинген адамдар тартип сакчыларынын дарбазаны ачуу талабына көнбөй, автоматтан ок чыгарышып, качып баратып үй ээсин да ала кетишкен.

Ок атышуунун айынан үч милиционер жана бир жөнөкөй жаран жарадар болгон. Андан мурдараак террорчулардын огунан МАИнин старшинасы окко учкан. ИДУга тиешеси бар деген адамдардын бешөө ошол жылдын август айында жок кылынган.

Качып кеткен куралчандардын арасында жалалабаттык келинге үйлөнүп, ал жерде жашап жүргөн Жамалдин Абдумажитов аттуу өзбек жараны да болгон.

Ал былтыр Сузак районунда гранат жардырып иймек болгондо колго түшүрүлгөн. Ага облпрокуратуранын өкүлү Жолдош Калыбеков котормочу аркылуу угузган баяндамага ылайык, “конституциялык түзүлүштү кулатып, Ислам мамлекетин курууга чакырган, диний экстремизмге тиешеси бар, курал-жарактарды сактап жүргөн, укук коргоо кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч келтирген” деген айыптар угузулду. Ал Жалалабаттан Өзгөн шаарына барганда сумкасында граната менен беткап болгон:

- Автомат, гранаталарды мыйзамсыз сактаганы жана милициянын, КГБнын кызматкерлерине кол салгандыгы үчүн, элдин арасында, “биз мусулман мамлекетин уюшутуруп, бул мамлекетти жоюшубуз керек” деген чакырыктарды жүргүзүп, даярданып жүрүшкөндүгү үчүн кармалды.

Бирок, Жамалдин Абдумажитов сотто Өзбекстандын ислам кыймылына тиешеси жок экендигин жана террорчулардын колундагы куралдан корккондугунан аларды ээрчүүгө аргасыз болгондугун билдирди.

Айыбын жарым-жартылай алаарын айтып, батирине келген диний адамдардын куралын көрбөгөндүгүн жана алардан ижара акы алып жашап жүргөнүн кошумчалады. Колго түшкөндөн кийин тергөө иши уруп-согуу жана кыйноолор менен коштолгондугун да сотко айтып берди. “Былтыр кармалганда гранатаны эмне үчүн жардырмак болдуң?” деген суроого ал капыстан аны кармап алган экенмин деп жооп берди:

- Эшик такылдаганда ичкериден чыккан тапанчалуу киши ачпа, бул жакка өт дегендей башы менен ишара кылды. Кийинип чыгаарымда ок атылып, алар качып баратып, мылтыкчаны “биз менен кетесиң” деди. Сумкадагы гранат кое турган жер жок үчүн жанымда жүргөн. Гранатаны коркуп кетип кармап алгам. Колго түшкөнүмдө автоматтын кундагы менен урушуп, бетиме тепкенде жаагым ортосунан сынды. Эсине келтирели дештиби үстүмө суу куюшту. Жалалбаттан Оштогу СНБнын СИЗОсуна жеткиче уруп барышты, - деп айтты Жамалдин Абдумажитов.

Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн орунбасары Санжар Мамытов террорчулар менен беттешүүдө жарадар болгондордун бири. Ал баштаган топ куралчан кишилерди издөөгө барганда террорчулар деп күмөндөлгөн кишилер жашынган үйдөн окуя болгондон кийин курал-жарактар менен жардыргыч заттар табылган. Анын пикиринде, ок чыгарып жаткандар менен жөн сүйлөшүү мүмкүн эмес:

- Өтүп келатканда “Алла акбар” деп автомат атылды. Ошол жерде 5-10 мүнөт атыш болуп, бизден үчөө жарадар болду. Ал жерден гранаталар, ок-дарылар алынды, мылтыктар чыкты. Булар “Хизб-ут тахрир” динине берилген террористтер. Жардырып ийеин деп атса анан эмне кылыш керек?
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG