Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

Постсоветтик Борбор Азиянын суу башында турган өлкөлөр менен коңшуларынын суу-энергетикалык ресурстарды чогуу пайдалануунун жолдорун талкуулаган жолугушуу, жыйындар жыл кур эмес өтүп келатат. Евразия экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Москвадагы соңку жолугушуусунда мына ушул маселе көтөрүлүп, Казакстан премьер-министри аны март айында өкмөт башчылардын деңгээлинде биргелешип чечүү сунушун билдирди. Ушу тапта төрт өлкөнүн эксперттери проблеманы иликтөөдө.

Борбор Азия чөлкөмүндөгү суу-энергетикалык проблемалардын айланасындагы талаш жыл сайын жаз-күз көтөрүлүп келатат. Айрыкча ал кышкысын арбын кое берилген суу Нарын дарыясынын төмөнкү алабында жашаган Казакстандын айыл-кыштактарын каптай баштаганда күчөйт.

Күн жылыганы маселенин мизи кайтып, кийинки кышка чейин унутта калтырылмайы көнүмүшкө айланып баратат. Академик Дүйшөн Маматкановдун айтуусунда, Токтогул суу сактагычы Өзбекстан менен Казакстандын айыл чарбасынын муктаждыгын чечүү үчүн курулган.

Ири суу чарбаны кармап туруунун каржылык ыгым-чыгымы жалгыз Кыргызстандын мойнуна илинип, андан азырынча пайда көрө элек.

- Жылына биз 150 миллион доллар чыгым болуп жатабыз. Ошол чыгымдын эсебинен, анткени биз сууну топтоп туруп кое берип жатпайбызбы, ушул эле Токтогул суу сактагычынын эсебинен, Өзбекстан 1 миллион 300 миң гектир жерин сугарат. Анын эсебинен ошол эле Өзбекстан 800 миллион доллар пайда табат. Бизде ошол чыгымды эсептөөнүн илимий негизде усулу иштелип чыккан. Ошонун эсеп-чотунун баары бар.

Дүйшөн Маматканов азырынча кыргыз өкмөтү Өзбекстан менен Казакстан алдында өлкө кызыкчылыгын бекем коргой элек деп эсептейт. Болбосо Өзбекстан эки-үч өлкө аркылуу агып өтчү чоң дарыяга ири гидрокурулуштарды баштоодон мурун расмий Ташкендин пикирин сурап коюуну талап кылбас эле. Өзбекстан президенти дагы бир шайланган соң Орусияга жасаган расмий иш-сапарында мына ушул маселеге өзгөчө басым жасап, ири гидрокурулуштар коңшулардын экономикалык кызыкчылыгына кайчы келбеши керектигин Орусия президенти экөөнүн биргелешкен билдирүүсүндө да ырастады.

Суу-энергетикалык проблемаларын коңшу өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын эсепке алуу менен комплекстүү чечүүгө постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрү азырынча жетише элек. Анын үстүнө Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгын экономикалык жагынан кабелтең коңшуларынын алдында ачык кое албай келатат, дейт академик Д. Маматканов:

- Күпүлдөп тигил Э.Рахмонду кекетип жатат. Бул жакты кекетип жатат. Алардын баары унчуга албай олтурат. Ошол расмий жолугушуyларда эле момундай чечимдер турат, биз баарын алганыбыз жок дешпейби. “Камбарата” ГЭСтерин курсак, эмне үчүн алардан сурашыбыз керек? Аларга анын эч кандай зыяны тийбейт. Ортодо Токтогул суу сактагычы бар. Ошол керектүү сууну топтоп турат.

Кыргыз өкмөтүнүн отун-энергетика, жаратылыш ресурстары бөлүмүнүн жетекчи орунбасары Эрнест Карыбековдун ырасташынча, жалаң экономикалык кызыкчылыктардын чордонунда турган талаштуу маселенин чечилишине кыйла убакыт керек. Ошондой аракеттердин бири март айына белгиленип жаткан өкмөт башчыларынын жолугушуусу болмокчу. Жыйында суу-энергетика проблемаларын чечүүнүн оптималдуу жолдору талкууланат:

- Бат эле бул кырдаалды жөндөй салабыз, илешкан дартты заматта алып салабыз деш туура эмес. Чогуу акырындан аракеттенсек, эки-үч жылда бул маселени чечүүнү туура жолго сала алабыз. Баары бир, биз Кыргызстан, өзүбүздүн энергетикалык программабызды ишке ашыруубуз керек,- дейт Э.Карыбеков.

Суу-энергетика проблемасы Кыргызстан “Камбарата” ГЭСтерин куруу камылгасына киришкенден кийин кайрадан калкып чыкты. Чөлкөмдүн толгон саясий-экономикалык проблемаларынын арасында сууну биргелешип пайдалануу өзгөчө курч коюлуп, аны натыйжалуу чечүү аракетинен майнап чыкпай келатат.
XS
SM
MD
LG