Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

15:25 Орусиядагы кыргыз мигранттары камсыздандырууга алына башташат


Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Орусиядагы кыргызстандыктардын “Кыргыз биримдиги” уюмунун расмий өкүлү Шерикбек Акимов билдирди. Кыргыз жарандарына буга чейин деле кол салуулар көп болуп келген, дейт ал. Акыркы күндөрдө мындай окуялар тууралуу көп айтылып жатканын Акимов “маселеге эми гана өзгөчө көңүл бурула баштаганы” менен түшүндүрдү. Анын айтымында, ушу тапта орус жеринде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар үчүн өмүрүн камсыздандыруу системасын ишке киргизүү каралууда. Анткени улутчулдар тарабынан кол салууларга, башка себептерден улам оорууларга жана өлүмгө дуушар болуп жаткан кыргызстандык мигранттардын саны азайбай жатат, деп айтты Ш.Акимов. Анын айтымында, жылына Москва областы боюнча эле 125ден 150 чейин кыргызстандык жаран көз жумат. (TD)

XS
SM
MD
LG