Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

КОСОВОНУН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮГҮ БИР КАТАР ӨЛКӨЛӨРДҮ ТҮЙШӨЛТҮҮДӨ


Гүлайым Ашакеева, Бишкек Сербиядагы президенттик шайлоонун өтүшү менен жакынкы арада Косово өз көз карансыздыгын жарыялашы күтүлүүдө. Косово - мурдагы Югославиянын аймагындагы чакан, кедей, тоолуу өлкө болуп, бирок анын таасири Балкан чөлкөмүнөн да тышкары тараптарга тийээри шексиз экендиги эл аралык коомчулукта талкууланууда.

Көпчүлүк сербдердин каршы пикирде экендигине карабастан, Косовонун көз карансыздыгы АКШ, Европа Биримдигинин бараандуу мүчөлөрү: Англия, Франция, Германия тарбынан таанылышы күтүлүүдө. Эл аралык укуктун тили менен айтканда, “де факто” Косово эгемендүүлүккө ээ болгону менен “де юро” бул өлкөнүн көз карансыздыгы таанылбайт.

БУУнун Косовонун көз карандысыздыгына карата кабыл алынган чечимдерин Орусия четке кагууда. Мунун себебин Сербияга болгон лоялдуу мамилеси жана өз алдынчалыкты аныктоонун түпкү принциптерине каршы экендиги менен түшүндүрүүдө.

Европа Биримдигинин бир катар мүчөлөрүнүн дагы Косовонун Сербиядан бөлүнүүсү канчалык туура кадам экендигине күмөнү бар. Анткени улуттук азчылыктын өзү курамында турган өлкө менен макулдук келишимине жетишпей туруп, эгемендүүлүктү талап кылышы - эл аралык системада кадимки өнөкөткө айланып кетишинен чочулашат.

Мисалга, Испания өлкөдөгү Баск сепаратистеррин жандандырат десе, Словакия менен Румынияда дагы мындай кооптонуу бар. Бул өлкөлөр Косовонун эгемендүүлүгүн таанууну мүмкүн болушунча кечеңдетүүгө аракеттенишет.

Косованын өз алдынча мамлекет болуусуна Кипр караманча каршы. Өлкөнүн тышкы иштер министри Эрато Маркулли өткөн жумада Хельсинкиде сүйлөгөн сөзүндө анын өлкөсү “Косовонун эгемендүүлүгүн тааный албайт жана тааныбайт дагы, анткени бул өлкө өзүн бир жактуу негизде көз карандысыз деп жарыялоодо” дейт министр айым. Бул өтө орчундуу маселе болгону жана эл аралык укуктун нормалары сакталышы керектиги да айтылат.

Маркулли бул маселе Кипрдин түндүк тарабындагы түрктөр башкарган аймагы менен эч кандай байланышы жок деген билдирүүнү четке какты. Эгер Косово Британия жана АКШ тарабынан расмий түрдө эгемен өлкө деп таанылса, анда Түндүк Кипрдеги Түрк Республикасы дагы өз эгемендүүлүгүн жарыялоосу качан күтүлөт?

Европа Биримдигинин көпчүлүк мүчөлөрү Кипрдин ички бөлүнүп-жарылуусун толук чечпестен бул Кошуунга мүчөлүккө кабыл алынгандыгына өкүнгөндүгүн билдиришет. Грек-кипрликтер Кофи Аннан сунуштаган БУУнун Кипрди бириктирүү тууралуу планын четке кагышкан, ал эми түрк-кипрликтер болсо 2004-жылы бул долбоорду колдоп добуш беришкен. Ошондон бери Кипр Евробиримдикке мүчөлүгүн өлкөнүн түндүгүндөгү түрктөр отурукташкан арал менен менен байланышты үзүү үчүн колдонуп келет.

Косовонун көз карансыздыкка умтулган кадамдары Кипрдеги боло турган эң маанилүү эки окуяны тездетчүдөй сезилет. Ушул айдын 17де жана 21де өтүүчү президенттик шайлоо аяктаары менен Кипрди эки бөлүккө бөлүү тууралуу БУУнун планын ишке ашыруу бышып жетилгени шексиздей сезилет.

Кирпдин Грек бөлүгүндө боло турган шайлоого үч талапкер ат салышууда. Өлкөнүн азыркы президенти Тассос Пападопулос жана “Акель” Коммунисттик партиясынын лидери Деметрис Кристофиас. Президенттикке үчүнчү талапкер Яаннакис Кассулидис – мурдагы өлкөнүн тышкы иштер министри.

Учурда түндүк кипрликтер болсо демин ичине алып, 2008-жыл бул өлкө ичиндеги отурукташуу маселесине акыры чекит коюлушун күтүшүүдө. Түрк-Кипр администрациясынын башчысы Тургай Авчи, “бизге бир нече айлар бою президенттик шайлоонун өтүшүн, өлкө жетекчилигинин алмашуусун күтүүнү айтып келишти. Мен андан кийин деле олуттуу өзгөрүү болооруна ишенбейм. Биз ким шайлоодо жеңишке ээ болсо дагы, сүйлөшүүлөр башталып, маселе чечилээрине үмүттөнөбүз” деген оюн билдирди.

Косовонун эгемендүүлүгү тууралуу суроо Балкан аймагын гана түйшөлтпөстөн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө өз таасирин тийгизип, эл аралык түзүлүштө бир катар талаш-тартыштарды жаратып, анын жакынкы жана кийинки келечеги эмне болоору кылдат көзөмөлдө болоору айкын, дешет адистер.

XS
SM
MD
LG