Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:18

18:55 Ысыккөлдө бөтөн жактан келгендерге жер сатылып жатканынан наарызылык чыгууда


Ысыккөлдүн Семеновка айылынын тургундары лыжа базасы менен көл жээгиндеги жерлердин сатылгандыгына нааразы болуп, адам укугун коргоо уюмдарына кайрылды. Семеновка капчыгайындагы “Кырчын” лыжа базасы сатылгандан бери ачыкталбай атканын белгилеген демилгелүү топ көл жээктеги жерлер чоочундарга менчикке берилип аткандыктан, жергиликтүү эл дагы жер талап кылып атканын билдирди. 300дөй киши кол чогултуп, адегенде “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун аймактык бөлүмүнө кайрылышкан. Алар бул маалыматты райондук бийликке жеткирип, 8-февралда жыйын өттү. Анда “Кырчын” лыжа базасына 2 миллион сомдук инвестор тартылганы жана айылга жумшалган каражат боюнча отчет угулду. Көл жээктеги жерлер боюнча атайын комиссия түзүлөөрүн билдирген райондун акими Турусбек Мансуров “жазында митинг башталат дегенге ишенбегиле, азыр тартип катуу” деп эскертти. (RB)

XS
SM
MD
LG