Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

ДАРЕКТҮҮ ТАСМАЛАРДЫН КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА ГЕНДЕРДИК МАСЕЛЕЛЕР


Аида Касымалиева, Бишкек 8-февраль күнү борбор калаабызда аялзатына арналган биринчи кинофестиваль өз ишин баштады. Фестивалдын уюштуруучулары искусствонун визуалдык түрлөрү реалдуу проблемаларды терең кабыл алууга жардам берерине ишенишет. Борбор Азиялык аялдардын эң курч социалдык көйгөйлөрү даректүү тасмаларда жана сүрөттөрдө чагылдырылган. Кинофестиваль 8-февралдан тарта 10-февралга чейин Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музеинде өтмөкчү.

Кинофестиваль “Амалтея – Борбор Азиянын аялы” деген долбоордун алкагында өтүп жатат. Анын максаты - Борбор Азиядагы аялдардын потенциалын жогорулатуу, “гендер деген эмне?” суроосуна жооп берүү. Серепчилер арасында, аялдын проблемалары чечилсе, коом да оңоло түшөт деген ойлор бар. Фестивалдын дагы бир өзгөчөлүгү - даректүү фильмдер. Анда актерлор ойнобойт, бул жерде чыныгы жашоо чагылдырылат:

- Тандалган фильмдердин бардыгында аялдардын көйгөйлөрү ар кандай формада чагылдырылган. Полигамия, кыз ала качуу, үйбүлөдөгү зордук-зомбулукту көрсөткөнбүз , - дейт фестивалдын уюштуруучуларынын бири Газбүбү Бабаярова.

Фестивалда он даректүү тасма жана сүрөттөр көрсөтүлөт. Ар бир кино көрсөтүлүп бүткөндөн кийин көрүүчүлөр фильмдин режиссеру жана адистер менен баарлаша алышат.

Кыргызстандан үч тасма тандалып алынган. Алардын бири “Элечекте” күйөөсүнүн токол алуусуна каршы чыккан Сайраш деген аялдын тагдыры, анын өзүн коргоо үчүн жасаган аракеттери жөнүндө айтылат.
Өзбекстандык режиссерлор үч тасма алып келишкен:

Бир тасма үйбүлөдөгү зордук-зомбулукка чыдабай өзүн өрттөгүсү келген аял тууралуу баяндайт. Экинчисинде, бойго жете элек бир кыз дүйнөдөн кайтышы чагылдырылган. Ал бүт өмүрүн көчөдө өткөргөн. Эң негизгиси, менин айтайын дегеним, биз кино аркылуу аялзатына позитивдүү элестерди тартуулашыбыз керек. Азыр биздин медиа майдаңында ушул жетишпейт. - деген ойдо өзбек режиссеру Галина Виноградова.

Ал эми Тажикстандан келген тасмалар көбүнчө миграция, бангизаттарды ташууда колдонулган аялдар тууралуу.

Азыркы аялдардын бейнеси кандай? Бул суроого “Колдоо” уюмунун жетекчиси Анара Мадалиеваны мындай деп жооп берди:

Биз азыркы аялдарды түшүнөбүзбү? Аял – бул сулуулук, табышмак, искусствобу же чечилбеген көйгөйлөрбү, ойлонууларбы, эски көз караштар жана бизнес чөйрөсүндөгү өз орду үчүн күрөшүүбү? Аялга колдоо керекпи? Эгер керек болсо, аны ким коргош керек? Эркекпи, коомбу же мамлекетпи? Менин оюм боюнча биздин замандын аялы кимге жана качан турмушка чыгуу жөнүндөгү чечимди өзү кабыл алат. Кайсы кесипти тандайт жана кайсы окуу жайына тапшыргысы келет – бул да анын өзүнүн жеке иши.

Борбор калаабыз Бишкекте жашаган аялдардын жашоого, өзүнүн коомдогу ролуна болгон мамилеси ушундайча өзгөргөн.

Ушул эле убакта, биздин кадимки айылдын жөнөкөй келини дагы да болсо күйөөсүнүн урганына, кайненесинин кысым жасаганына чыдап жашап келет. Ал коомдон да, бийликтен да, өзүнүн ата-энесинен да жардам күтпөйт:

Күйөөм катуураак сабап койсо гана ата-энем келиши мүмкүн. Эч жеримди сындырбай, көкала эле кылып койсо, кайра өзүмдү күнөөлөшөт. Аял болгондон кийин чыдайсың дешет , - деди “Азаттыкка” атын атоодон баш тарткан бир элеттик келин.
XS
SM
MD
LG