Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

9-февралда Бишкекте “Борбор Азияда аялдар менен балдардын укугун колдоого массалык маалымат каражаттарын тартуу” деген эл аралык конференция ишин аяктады. Эки күнгө созулган конференцияга Казакстан, Тажикстан, Кыргызстандын өкмөттөрүнүн, бейөкмөт уюмдар менен маалымат каражат өкүлдөрүнөн тышкары Грузия, Орусия жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, максатка жетүүнүн иштиктүү кандай жолдорун тандап алып, кантип ишке ашыруу керектигин талкуулашты.

Би-Би-Синин дүйнөлүк кызматынын фонду уюштурган “Борбор Азияда аялдар менен балдардын укугун колдоого массалык маалымат каражаттарын тартуу” деген конференциянын башкы максаты ушундай эле аталыштагы долбоорду ишке ашыруу жолдорун талкуулоо болду. БИ-БИ-СИнин дүйнөлүк фондунун директору Стивен Кингдин айтымында, долбоор эки жылга созулат жана ал Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанда ишке ашырылат. Каржылоону Европа комиссиясы өз мойнуна алган.

Долбоордун директору Марек Бекермандын айтымында, мындай долбоорду ишке ашырууга коомдун аялуу бөлүгү болгон балдар менен аялдардын укугун коргоо жөнүндө көз карашты коомдо калыптандыруу зарылдыгы башкы себеп болду. Мына ошол милдетти аткарууга маалымат каражаттары менен бирге жарандык коом өкүлдөрү да тартылат дейт Марек Бекерман:

-Бул долбоор коюлган маселени чечүүдө 3 багытты көздөйт. Ал журналисттердин кесипчилик чеберчилигин өнүктүрүү менен гана чектелбестен айылда, тоолуу жерлерде жана шаарда деле жашаган коомдун аялуу бөлүгү болгон аялдар, балдар менен иштеген жарандык коомдун өкүлдөрүнө тренинг өткөрөбүз. ММКнын ээлери, редакторлору жана чечим кабыл алууга тиешеси бар адамдар менен иштеп, алардын ишинде социалдык журналистиканы калыптандырабыз. Анын натыйжасында коомдун кеңири катмарында социалдык маселелер жөнүндөгү түшүнүк калыптанат.

Казакстандын балдарды коргоо департаментинин башчысы Сулушаш Куатжанованын билдирүүсү боюнча, балдардын үй-бүлөдө жакшы тарбиядан алыс калышы аял менен баланын укугун коргоо тууралуу көз караштын калыптануусуна терс таасир берип, мерес мүнөзду бекемдөөдө. Буга баланын бир күндө телевизордон зөөкүрдүк жөнүндө 37 жолу, киши өлтүрүү тууралуу 17 жолу маалымат алышы жакшы далил.

Ошон үчүн массалык маалымат каражаттары аркылуу жакшы үй-бүлө үлгүсүн коомдо жайылтып, аялдар менен балдардын укугун коргоо жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу өкмөттүн отчет берүүсүн жөнгө салуу керек дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тим Шаффтер.

Талкуу учурунда маалымат каражаттары коомдун аялуу катмарынын көйгөйү эмес кожоюнуна зарыл же кызыктуу маалыматты берүүнү адатка айландыргандыктан долбоорду максатына жеткирүү үчүн кандай маалымат каражаттарын тартуу керек деген маселе да көтөрүлдү. Долбоордун кичи менеджери Дина Жансагымдын айтымында, ал үчүн массалык маалымат каражаттары менен иштөөнүн эки багыты аныкталды:

-Биз иштеше турган маалымат каражаттарын эки категорияга бөлүп иштешебиз. Биринчиси, социалдык маселелерди чагылдырган каражаттар. Алардын журналисттеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана социалдык маселелерди коп жазган журналисттерге колдоо көрсөтүүгө баш редакторлорун ынандырууга аракет кылабыз. Экинчи категория бул-чечим кабыл ала турган бийлик бутактарына таасир бере турган маалымат каражаттары менен иштешүү. Андай маалымат каражаттарында аял менен баланын укугун коргоо боюнча материалдар дайыма жазылып турса, мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө таасир бербей койбойт.

БИ-БИ-СИ радиосунун кыргыз кызматынын кабарчысы Арслан Капай уулунун баамында, батыш мамлекеттериндеги маалымат каражаттарынын күнүмдүк башкы темасы ушул конференцияда козголуп жаткандай социалдык, анын ичинде коомдун аялуу катмар өкүлдөрүнүн көйгөйү. Ошондуктан, азыркы маалымат каражаттары өз кожоюнунун, же бийликтин кызыкчылыгын гана көздөгөн маселелерди чагылдырган мурдагы советтик ыкмадан баш тартууга мезгил жетти.

-Бул көрүнүш Кыргызстан сыяктуу мурдагы советтик республикалардын массалык маалымат каражаттарына мүнөздүү көрүнүш. Эркин десе эле, бул жерде сөз болгондой, жеңил-желпи туюлган, кабыл алууга оңой маселелерди окуса деп, ошондой деңгээлдеги материалдарды элге түртүп жатышат. Бул элди агартуу эмес, тескерисинче, элди кайра караңгы жолго түрткөн массалык маалымат каражаты. Башка мамлекеттерде, маселен, батышта балдардын укугу, аялдардын проблемасы, адам укуктары маалымат каражатынын менчик формасына карабастан көңүл чордонунда турат. Маселен, Англияда бала эмгекке эксплуатация болуп жатыптыр, бир сойкуну өлтүрүп кетиптир деген маалымат сөзсүз түрдө ошол маалымат каражатынын башкы темасы болот. Демек, коомдо ушул багыттагы материалдарга муктаждык бар.

“Кыргыз туусу” гезитинин социалдык саясат бөлүмүнүн балдар менен аялдардын көйгөйүн үзбөй чагылдырып келаткан башчысы Бермет Мааткеримова болсо мындай багыттагы долбоорлорду бир-эки жыл эмес, Кыргызстанда туруктуу иштетип туруу зарыл, себеби, коомдун аялуу катмар өкүлдөрүнө коомдо ташбоордук күч дейт:

-Себеби, акыркы күндөрдө энелер менен балдардын укугу кордолгон учурлар абдан көп. Көпчүлук аялдар зордук-зомбулук көрүп жатышат. Көчөдө калган балдардын укугу канчалаган көйгөй болуп турат. Ошондуктан, мындай долбоорлорду эки-үч жыл эмес, ошол проблемалар мамлекеттик деңгээлде жөнгө салынгычакты туруктуу тема кылып, чагылдырып туруу зарыл.

Конференция өз ишин аяктап, аны иш жүзүнө ашыруу маалымат каражаттарынын алдында милдет болуп калды. Ага катышууга Кыргызстандагы канча маалымат каражаты татыктуу болору азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG