Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:07

АКШда адатта Ак үйгө барчу жолду узак жана киреси өтө кымбат дешет. Талапкерлер өнөктүгү эки жылга созулат жана шайлоочулардын ишенимин жеңип алганы алар жүз миллиондогон доллар каражат сарп кылышат. Быйылкы сезон бу жагынан мурдагы өнөктүктөрдө катталган көрсөткүчтөрдүн көбүнөн ашып түштү, шайлоого чейин дагы тогуз ай бар экенин эске алганда Ак үйдүн жаңы кожоюну тарыхтагы “өтө кымбат президент” болчудай түрү бар.

Демократтардын эки талапкери – сенаторлор Хиллари Клинтон менен Барак Обама быйыл шайлоо кампаниясына каражат топтоо жагынан атаандаштарын алга чыгарбады. Өз тарапкерлери эсебинен биринчиси –дээрлик 90, экинчиси – 80 миллион доллар сүрөөнпул жыйнады. Республикачыл партиянын талапкерлеринен Митт Ромни - 60, Рудольф Жулиани – 46, Жон Маккейн – 30 миллион доллардан ашуун кошумча топтошкон эле, бирок алардан жарышта азыр жалгыз гана Маккейн калды.

Шайлоо өнөктүктөрүнүн финансылык өңүрүн изилдөөгө адистешкен көз карандысыз саясий борбордун эксперти Масси Ритч быйылкы кампаниянын өзгөчөлүгүн мүнөздөп, өлкө азыр бир миллиард доллардан ашык каражат сарпталган президенттик жарыштын жолунда баратканын, былтыр эле талапкерлер буга чейинки жети шайлоого караганда алда канча көп акча чыгымдаганга жетишкенин белгиледи. Алардын эң кымбаты 2004-жылы катталган, жалпы кампаниянын баасы бир миллиард доллардан ашып жыгылган. АКШнын эмдиги президенти андан да кымбатка түшчүдөй түрү бар.

Ритч муну бир катар себептер менен түшүндүрөт. Баарыдан мурда быйылкы өнүктүк бензиндин баасы асмандап турган маалга туш келди. Самолеттун, башка транспорт каражаттарынын киреси кескин көтөрүлүп кетти, үгүт иштеринин, телеканалдар менен радиостанциялардагы рекламалардын баалары аябагандай өстү, шайлоо штабындагы кызматкерлерге да жогору өлчөмдө зайыр акы төлөөгө туура келди.

АКШнын мыйзамдарына ылайык ар бир киши өзү колдогон кандидат үчүн анын шайлоо фондусуна 2300 долларга чейин адие кошо алат. Бирок адатта америкалыктар талапкерлерге 10, ашып барса 100 доллардан кошумча салышат. Барак Обамага, мисалы, 650 миңдей киши сүйөмөпул беришти. Январда эле анын шайлоо “бокчосу” 32 миллион долларга кампайды. Анын партиялаш атаандашы Хиллари Клинтон болсо шайлоо кампаниясына өз жанынан беш миллион доллар акча кошконго аргасыз болду.

Дегинкисинде, президенттик жарышта каражаттын дээрлик баары – 99 проценти – б.а. ар бир доллар жеке адамдардын кошумчасынан куралат, дейт Ритч.

Шайлоо фонддорунун бир проценти гана корпорациялар,бирикмелер контролдогон саясий аракет комитеттеринен түшөт. Эгер талапкер америкалык жеке адамдарды акча кошконго ишенте же ийите албаса, өнөктүктү каржылай турган башка эч кандай булак таба албайт жана жарыштан чыгып калат.

Талапкерлер шайлоо өнөктүгүн өткөргөнү бюджеттен да каражат алалат. Соңку кездери өкмөт акчасын адатта партиялык кандидаттар ички сынамык шайлоодо эмес, жалпы улуттук кампания маалында пайдаланып жүрүшөт. Бирок казынанын акчасы болсун, жеке адамдардын кошумчасы болсун, ар бир доллардын өнөктүккө гана сарпталышын федералдык шайлоо комиссиясы кыйкымчылдык менен көзөмөлдөп турат. Ким бирөөнүн кылайган эле кынтыгы билинсе, дароо жарыштан алынат жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
XS
SM
MD
LG