Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

“Кумтөр” алтын кени боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык компания ортосундагы келишимде Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктары толук сакталбай калган. Мындай пикирин 1998-жылкы экологиялык кырсыктан жапа чеккен Жетиөгүз районундагы төрт айылдын өкүлдөрү билдиришүүдө. Алардын ырасташынча, келишимде Көл кылаасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө бөлүнчү акча компаниянын ишине тоскоолдук жасалбаса гана берилери белгиленген.

"Кумтөр" алтын кенинин айланасындагы көз боемочулуктар, мыйзам бузуулар, коррупциялык схеманын жайылышы жаатында оголе көп сөз болду. Өңгөдөн да Кыргызстандагы эң ири алтын кен курулушуна техника-экономикалык негиздемеде көрсөтүлгөн 276 миллион доллардын ордуна 452 миллион доллар акча сарпталганы көпчүлүккө эмдигиче табышмак.

2003-жылдын 31-декабрында Николай Танаевдин өкмөтү мурдагы Башкы келишимди өзгөртүп, “Кумтөр” алтын кенин жаңы түзүлгөн “Центерра Голд” компаниясына кошууга макулдугун берген. 2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин бул маселе кайрадан көтөрүлүп, өкмөт менен “Камеко” корпорациясынын, “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар өткөн жылдын августунда мунаса келишимдерге кол коюшкан.

Мына ошол мунаса келишимдерде Кыргызстан кызыкчылыгы толук сакталбай, Ысыккөл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө бөлүнчү акча “Кумтөр” алтын кенинин иштөөсүнө сырттан тоскоолдук болбосо гана которулуп берилери көрсөтүлгөн. Жергиликтүү калктын өкүлдөрү мына ушул талапка нааразы:

"Кокустан туура эмес иш жасаса, биз анын жанына бара албай калат экенбиз да. Биз ушуну ойлодук",-дейт Барскоон айлынын тургуну Самудин Каниев.

Алдагыдай шарт алтын кен комбинаты үзгүлтүксүз иштеп, компания экологиялык талаптарды так аткарган чакта эч кандай талаш-тартышты чакырбайт. Кичижаргылчак айылынын жашоочусу Бүбүкан Ормонова алтын кен экологиялык зыян алып келүүдө деген пикирде:

- Келишимде туура эмес көрсөтүлгөн. Кандайча бизден уруксат жок жасалат. Айлана-чөйрөнү булгаганы аз келгенсип, келишим түзөрдөн мурун элдин пикирин да сурап коюш керек эле го.

Барскоон айылынын дагы бир тургуну Абдыкалый Чолпонкуловдун айтуусунда, жергиликтүү элдин көпчүлүгү кырсыктан жабыркаган жок.

- Менин үйүмөн эч ким жабыркаган жок. Ошондой эле менин кошуналарыман эч ким жабыркаган жок. Мен билгени бул жердеги Асан деген абанын кызы ошол күнү кир жууп жатып жабыркады деп уккам. Андан башка бир кишинин жабыркаганын уккан эмесмин.

Барскоон айылындагы “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын пикиринде, келишимге ылайык Кыргызстан ээлик кылчу акциялар көбөйөт. Демек, экономикалык жагынан бул Кыргызстанга пайдалуу болуп саналат. Бирок Э.Иманкожоева келишимде экологиялык-социалдык маселелерге анчалык көңүл бурулбай калган деп эсептейт:

- А бирок экология эмне болот, кийинки мундар кандай болот? Биз балдардын да байлыгын сатып жатабыз. Ошону кандай шарттарда беребиз?

Мунаса келишим Жогорку Кеңеш жактыруусуна ээ боло элек чакта ал тууралуу пикир айта албастыгын “Кумтөр” алтын кен комбинатынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Дедюхин билдирди.

- Биринчиден, айткым келет бул келишим өкмөт менен “Камеко”, “Центерранын” ортосунда түзүлгөн. Биздин, долбоорду аткаруучулардын, кандайдыр бир түшүндүрмө беришке акыбыз жок. Бул аткаруучулардын эмес, өкмөттүн келишими.

Өткөн жылы кыргыз өкмөтүнүн “Камеко” корпорациясы, “Центерра Голд” компаниясы менен түзгөн келишимдери парламент тарабынан бекитилбей калган. Ошол себептүү аны бекитүү мөөнөтү быйылкы жылдын 15-февралына чейин узартылган. Бирок да жаңы парламенттин деле келишимдерди маалында бекитүүгө шашылган түрү көрүнбөйт.

Ошондон айрым баамдоочулар “Кумтөр” алтын кени мурунку шартта иштеп, Кыргызстандын акцияларынын арбышына кайсы бир таасирдүү күчтөр кызыкпашын айтууга өтүштү.
XS
SM
MD
LG