“КМШ аймагындагы парламентаризм: эски сыноолор, жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген аталыштагы тегерек үстөл үстүндөгү талкуу Юта Валлей мамлекеттик окуу жайында 11-февралда өтмөкчү. Ага партиянын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Болотбек Шерниязов, Эркинбек Алымбеков менен коллежин окутуучулары жана студенттери катышышат. Бул тууралуу Юта Валлей коллежинин эл аралык мамилелер боюнча вице-президенти Расти Батлер кабарлады. (JTo)