Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Сербиянын президенти Борис Тадич Белград Косовонун эгемендүүлүгүнө макул болбойт деп кайталады. Айрым кабарларга караганда, провинция эгемендүүлүгүн ушул айдын ичинде жарыялашы ыктымал. Тадич маселени кайрадан талкуулоого чакырды жана косоволук албандар көз карандысыздыгын жарыялашса, бул - региондогу жаңжалдарды ырбатат деп эскертти.

Президент Тадич кечээ Косовонун эгемендүүлүгүн колдогон Европа биримдиги менен АКШга кайрылып:

Бул маселеде этият болушубуз керек. Орток стратегиялык приоритеттерибизди эстен чыгарбоого тийишпиз.

Анын алдында косоволук албандардын жетекчилиги эгемендүүлүк тууралуу 17- же 18-февралда жарыялаганы жатышат деген кабарлар пайда болгон эле.

Бейшемби, 7-февралда провинциянын премьер-министри Хашим Тачи Косово андай кадамга даяр деп билдирген:

Косовонун көз карандысыздыгы чечилген маселе. Өзүңөр көрүп тургандай өкмөт жана бардык институттарыбыз бул процессти ийгиликтүү аягына чыгарууга дилгир.

Тадич болсо эгемендүүлүк жарыялоо чөлкөмдөгү жаңжалдардын эскалациясына, чечилбей келаткан маселелердин ырбашына, балким, жаңы чыр-чатактардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн деп эскертти.

Сербиянын Евробиримдиктен обочодо калышын каалабайбыз деген Тадич, биримдиктин өлкөнүн түштүгүнө өз миссиясын жиберүү пландарын кубаттады.

Евробиримдик 18-февралда тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда Косового 1 миң 800дөй кишиден турган миссиясын жиберүү чечим кабыл алат деп күтүлүүдө. Топ юридикалык жана тартип коргоо тармагындагы кеңешчилерден куралмакчы.

Бул аралыкта Белград менен Брюсселдин мамилелери кыйындай түштү. Бейшембиде Сербиянын өкмөт башчысы Воислав Коштуница шаркеттин кызматташтык жөнүндөгү келишимге кол коюу сунушун четке какты. Премьер бул – Косоводон баш тарттыруу үчүн жасалууда деди.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG