Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

ӨЧПӨС ЭЛЕС, ӨЧПӨС ЫРЛАР


“Азаттык” үналгысынын “Талант тагдыры” түрмөгүнүн жаңы саны белгилүү ырчы, аткаруучу, таанымал обончу, жамакчы Төлөш Турдалиевдин туулган күнүнүн 85 жылдыгына арналды. Бул музыкалык эскерүүдө кабарчыбыз Балбай Алагушов көрүнүктүү шайырдын тирүү кезиндеги татаал тагдырынын айрым барактарынан, калк жүрөктөрүнөн түнөк тапкан ырларынан, деги эле жалпы чыгармачылыгынан угармандарга кеп салат.

Жалындаган жаштыгына куюп койгондой куп жарашкан мукам үндүү, он төрт жашынан колуна комуз кармап, ыр ырдап айылдаштарына “Алтын көкүл”, кийинчерээк “Кичинекей Атай” деген ысымдар менен таанылган ырчы, обончу-аткаруучу Төлөш Турдалиев 1923-жылы Таластын Акжар айылында молдонун үй-бүлөөсүндө туулат. Ал атадан эрте айрылып, акылдан бош бош калса да боорун жерден көтөргөндөн жетимчиликтин тепсеңдисинде калбай, улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган, адамдардын шак ичи-койнуна кирип кеткен артыкча жугумдуу, өзгөчө тамашакөй, ырга ынак, күү жандуу өсөт.

Окуусун мыкты окугандыктан онунчу классты бүтөөрү менен Миң булак орто мектебинде мугалим болуп иштейт. Ал иштесе да ырсыз, күүсүз жашай албайт. Элдик күйгөн, секетбайларды сыздатат. Атайдын ашыктык ырларын өкүртө ырдайт. Ырдаган ырларынын ыкмасында, обондорунун үлгүсүндө, өзөгүндө өзү дагы обон чыгарып, ыр жазат. Алардын бири “Кыз бала экен жылкычы” аттуу алгачкы ашыктык ырын чыгарат. Ал ыр өзүнүн эле эмес, Талас, кийинчерээк Кыргызстандын аймагына кеңири тарайт.

“Кыз бала экен жылкычы”
Сөзү, обону автордуку.

Барчынды көрсө жалтанат,
Бадалдын кызыл түлкүсү,
Карагайлуу төрдү жайлаган
Кай колхоздун жылкысы.
Кыргый мүчө, кымча бел,
Кыз бала оо экен жылкычы,
Кыз бала оо экен жылкычы.

Күйүп күндө жүрсөда,
Күзгүдөй бети жаркылдап,
Кер жорго минип жылжытып,
Кечке күндө жүрсөда
Күндөй нуру жаркылдап,
Күлө бир караса.
Күмүштөй тиши жаркылдап,
Күмүштөй тиши жаркылдап.

Сергитип жүрөт жашчылык
Эркин оо ырдап шаңкылдап
Гүлкайырдай буралып оо
Күлгөнү сонун заңкылдап
Аскада үнү жаңырып,
Күүгүмдө келет салкында
Күүгүмдө келет салкында.


Айталиев Ашыраалы – эл артисти.

-Ашыке, татаал тагдырда жашап өткөн белгилүү ырчы, обончу, комузчу Төлөш Турдалиев менен бир күндө Кыргыз улуттук филармониясына кызматка алыныпсыз. Бир топ жыл бирге иштешипсиз. Маркум Төлөш улуу шайырлардан кимдердин чыгармаларын аткарчу? Аксакалдардан Төлөштүн өнөрүн кимдер жогору баалар эле?

-Мен Төлөш Турдалиев менен 1946-жылы тааныштым. Ал мындайча болгон эле. Филармонияга артисттикке акындык өнөр боюнча өтүш үчүн эртең менен төкмө акын Ысмайыл Борончиев менен айтыштым. Сынактан жакшы өттүм. Ошол эле күнү түштөн кийин Төлөш филармониянын Көркөм кеңешинин мүчөлөрүнө айтылуу Атайдын “Ой булбулум”, “Күйдүм чогун” ырдап, обончу-ырчы болуп сынактан өттү. Ошентип, Төлөш экөөбүз бир күнү - эртең менен мен, түштөн кийин Төлөш экөөбүз филармонияга кабыл алындык. Шымаланып бирге иштеше баштадык. Төлөш күйгөн, сүйгөн, секетбай ырларды, обондорду катыра ырдачу, аткарчу. Төлөш филармонияда иштей баштаганда филармониянын залкар шайырлары Осмонкул, Молдобасан, Актан жана башка залкарлар: ”Кайра Атай жок болгон жок, Атай кайра келди. Атайдын орду мына” дешип, чоң кубанычтын кучагына батышты. Ал кезде Атай өлө элек, иштебейт. Таласта жашайт. Ошону менен Төлөш иштеп жүрдү. Командировкаларда жүрдүк.

Төлөштү Осмонкул акын өтө сүйчү эле. Ар дайым жанына алып жүрчү. Төлөш жөн эле ырларды эмес, Токтогулдун “Чоң кербези” баштаган күүлөрдү да катыра чертчү. Ал эми Токтогулдун “Карылык” аттуу санаттында укмуштай чеберчиликте аткарчу. Токтогулдун “Карылыгын” мени менен иштешкен ырчылардын ичинен жалгыз гана Төлөш ырдачу. Ал “Карылыктын” кээ бир жерлерине “атаганат” деп сөздөрдү кошо коюп, ушундай бир сонун мункана аткаруучу. Ал эми Атайдын “Ой булбулун”, “Күйдүм чогун” жана башка ырлардын атагын ага кыяпатын келтире ырдачу. Төлөш сахнага чыкканда угуучулар сахнадан кетирчү эмес эле. Өзү дагы өңдүү түстүү жигит эле. Маңдайына төгүлүп түшкөн чачын өйдө ыргытып коюп, ырдан ырды берер эле. Осмонкул Төлөштү элге, угуучуларга “көкүлүн көккө ыргыткан, ит уягын жерге мылчыткан” деп тааныштырчу.

-Ашыке, сөзүңүзгө аралжы, ошол кездеги кыргыз радиосунун жетекчилеринин же өзүнүн кенебестигиненби Төлөштүн аткаруусунда Атайдын “Ой булбулу”, “Күйдүм чогу” жана башка ырлары, Токтогулдун “Карылыгы” Алтын казынага жазылбай калыптыр. Ошондой болсо да, Төлөштүн өзүнөн жазып алынган “Алмашым” аттуу ырга кезекти берейин. Сөзү, обону өзүнүкү, аткаруучу өзү.

“Алмашым”

Сөзү, обону Т. Турдалиевдики.

Тапканым Талас жеримден,
Тамашаң артык келинден,
Жыргалдуу ушул заманда,
Көңүлүм сага берилген.

Айлың кемер аралдан,
Арманым ичке камалган,
Эки беттин кызылы,
Кем эмес бышкан анардан,
Кылчайып күлүп койгонуң,
Кырк жылга кетпес санаамдан.

Жазгы бир тайдай элирген,
Сүлөөсүн белең керилген,
Сүйлөшүп жүрүп ар жерден,
Көрбөдүм кыргыз элимден,
Карап койсоң жылмайып,
Көңүлүм дароо берилген.

Кайрылгын мендей балага
Калбасын кебим талаага,
Айчылык алыс болсоң да
Алармын сени санаага,
Сүйбөчү болсоң ачык айт,
Орточу салбай арага.


-Ашыке, эмне үчүн Төлөштөй төрт тарабы төп келген шайыр филармониядан кайра-кайра иштен айдалып, кайра-кайра ишке алынып, өмүрүнүн акырына чейин армандуу тагдырда жүрүп көз жумушуна эмнелер себепчи болду эле?

-Төлөш айылдан филармонияга ишке орношту. Шаардын андай-мындайын билбейт эле. Кесиптештеринин кимиси кандай экенин билген жок. Кептин ачыгын айтсам, Төлөштүн жүрүм-турумуна көпчүлүгүбүз түшүнгөн жокпуз. Баардыгын эл билет, эл чечет экен. Төлөш элдин алдына чыкканда концерттен кийин ак дасторкондорун жайып, беш бармагын тартып, шараптарын куюп укмуш тосчу эле. Эми мен Төлөштүн ичип алып бирөө менен чатакташканын уккан жокмун. Ичип алып бирөө менен жакалашканын, бирөө менен мушташканын көргөн эмесмин. Ошонун ичип алып кыйын ырдаганы кээ бир кишилерге жакчу эмес. Шайыр шатмандыгы менен жүздөгөн элди өзүнө каратып алгандыгын айрым кесиптештери ичи күйүп, ушунчалык жактырбай “ичет” деп жаманатты кылып коюшту. Ошонун кесепетинен филармонияга эчен кирип, эчен жолу иштен айдалды. Келгенде кадимкидей эле ырдап чыгат. Кокустан эле Төлөш үйүнөн ичип алса, эртеси “сен үйүңөн ичип алыпсың” деп филармониядан айдалат. Ушундай болобу? Ошентип далай күйбөдүкбү? Эмне десең, “ичти” деп айткандар өзүнөн көп ичет. Ошол кезде бизди эл менен сүйлөшүп, тамашалашып отурганды чектеп койгон күндөр да болду. Аларды былгытып аткандар өзүбүздүн гана жолдоштор. Ал болсо чоңдордун баарын алып алган. Анын сөзү кандай болсо да өтөт. Мен да, байкуш Төлөш да ошентип кор болуп жүрүп көз жумду.

-Ак дилден чындыкты ачык айтып бергениңизге ырахмат. Ашыраалы агай, өзүңүз айткандай Төлөш ак жерден күйүп, турмуштун толкунунда ары-бери чайпалып жүрсө да ырчыдан эмне калат? Жакшы ыр калат деп, обондон обонду жарата бериптир. Кезек Турдалиевдин “Адырдын терсек гүлдөрүн” аттуу ырында. Автордун аткаруусунда.

“Адырдын терсек гүлдөрүн”

Сөзү, обону Т. Турдалиевдики.

Турмуштун көрүп жыргалын
Өткөрбө жаштык кырдаалын
Айтып жаткан кебимди
Акылдуу курбум сындагын.

Келбетиң артык оо жасалган,
Кептериң кетпейт санаамдан,
Жалган бир айтат дебесең
Артыкча көрөм адамдан.

Көрбөсөм сени эригем,
Карап бир турсам керүүдөн,
Жаралган оо окшойт илебиң
Жайлоонун соккон желинен.

Булбулдай назик гүлдөрүң,
Өткөрбө жаштык гүлдөрүн
Алышып ойноп бир жүрүп,
Адырдын терсек гүлдөрүн.


Мына ушундай калк жүрөгүндө жашагандай ырларын биринен сала бирин ырдап, күүлөрдөн күүлөрдү таңшыта чертип, жадырап жайнап жүргөндө Төлөш “ажал айтып келбейт” болуп, 1992-жылдын 27-августунда жол кырсыгынан каза табат. Ал артына кыргыз эли менен түбөлүккө бирге жашай турган ондогон жаркын чыгармалар менен бирге атасынын атак-даңкын чыгара турган беш баланы калтырып кетти.

Төкөм уулдарынын урматтарын, кыздарынын кызматын дагы көрө түшсө гана! Шум ажал ушуну менен таш боор турбайбы. Айла жок. “Ырчынын көзү өтсө да, ыры өлбөйт, ысмы өчпөйт” дегендей белгилүү шайыр Төлөш Турдалиевдин көңүл черин жазган ырлары азыркы жаш ырчылар тарабынан да ырдалып келүүдө. Кезек Төлөштүн “Жылкычы келинге” аттуу ашыктык ырын “Күлүмкан” деген атта ырдап жүргөн Малик Аликеевде.

“Жылкычы келинге”

Сөзү, обону Т. Турдалиевдики.

Мелтиреп асман көгөрүп,
Мен турам бакта жөлөнүп,
Кашатан чыкты бир келин,
Алдына бала өңөрүп. (2 жолу)

Жеңеке дедим бурулуп,
Аргендей үнү угулуп,
Токтолуп жооп бергиче,
Тору кашка ат турду жулунуп (2 жолу)

Атыңыз ким деп сурадым.
Өткөрүп бир пас убагын,
Айылга жүр деп көргөздү
Адырдын кашка булагын (2 жолу)

Барайын, анда барайын,
Барбайда кантип калайын
Жайлоодо жүрүп зериктим
Кумардан толук канайын (2 жолу)


Таанымал шайыр Турдалиев жашоосунда кандай гана тагдырда жашап өтсө да, канаттуу ырлары калк жүрөгүндө жашай бермекчи.
XS
SM
MD
LG