Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:20

Кыргыз өкмөтү быйылкы жылы дан эгин аянттарын көбөйтүүнү максат кылууда. Муну менен өкмөт буудай таңсыктыгын алдын алмакчы. Айрым адистер болсо, өткөн күздө аба ырайынын шылтоосу менен күздүк эгин аз айдалганын айтышууда. “Азаттык” үналгысынын апталык-экономикалык “Адам жана базар” түрмөгү мына ушул маселеге арналды.

Кыргыз өкмөтү быйылкы жылы дан эгиндеринин аянтын 664 миң гектарга жеткирүүнү максат кылууда. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, анын ичинен 399 миң гектар жерге буудай айдалмакчы. Бул өткөн жылкы көрсөткүчтөн 50 миң гектарга көп. Дан эгиндеринин аянтын көбөйтүү эң биринчиден ун менен нан таңсыктыгынын алдын алуу жана азык-түлүк бааларынын кескин көтөрүлүп кетүүсүнө жол бербөө максатында болууда.

Адистердин айтуусунда, өлкөнүн ички базарын камсыз кылуу үчүн 1 млн 200 миң тонна буудай жетет. Өткөн жылы кыргызстандык дыйкандар 700 миң тонна буудай өндүрүшкөн. Өткөн жылы июль-август айларындагы дан азыктарынын таңсыктыгы – азык-түлүк бааларынын гана эмес, жалпы инфляциянын өсүшүнө алып келгени белгилүү.

Айрым адистер дан азыктарынын таңсыктыгы -өкмөт тарабынан айыл чарбасына тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай калгандыгынын жемиши, деген пикирлерин билдиришкен эле. Буга негизги себеп катары акыркы жылдары арпа, буудай, жүгөрүнүн баалары арзан болуп, дыйкандар эгиндин бул түрлөрүн айдоого кызыкпай калгандыгы айтылган.

Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун 7-февралдагы маалымат жыйынында билдиргени боюнча, быйылкы жылы ун-нан таңсыктыгынын алдын алууга камылга эмитен көрүлүп жатат:

-Биздин планыбыз боюнча мамлекеттик кампада 60 миң тонна буудай сакталып туруш керек. Бул өлчөмдөгү дан 90 күнгө жетет. Андан сырткары өкмөттүн колунда кошумча 30 миң тонна буудай туруп, ал базар бааларына таасир этүү үчүн колдонулуш керек.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча, быйылкы жаздык себүү үчүн Казакстандан 50 миң тонна буудайдын үрөнү алынып келинген, анын ичинен 30 миң тонна үрөн жакында түштүк облустарына жиберилмекчи.

Үрөндүн жетишсиздиги, күйүүчү май менен минералдык жер семирткичтин кымбаттыгы кендирди кесүүдө



Жалпы өндүрүлгөн дандын 70%дан ашууну Баткен, Жалалабат, Ош облустарында айдалат. 2007-жылы Ошто жана Жалалабадда буудай аянттары 18-20 миң гектарга көбөйгөн. Ун менен нандын баасы кымбаттаганына карабай Жалалабаттык дыйкандар буудай айдоого көп кызыкдар эмес. Мунун себебин алар сапаттуу үрөндүн жоктугу, жер семирткичтердин, күйүүчү майдын кымбаттыгына байланыштырышууда.

Облустун талааларында былтыр 3400 гектар аянтка күздүк буудай себилбей калган. Жайдак калган ал аянттарга быйыл жаздык буудай өстүрүү жагы болжолдонууда. Бул тууралуу облустук бийликтин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурбек Жээналиев билдирди. Андан алынган маалыматтарга караганда өткөн жылы 40 миң гектар аянтка күздүк эгин себүү каралган болчу. Анын ичинен 36 600 гектарга үрөн себилип, күздүк эгин айдоо жумушу 92 пайызга орундатылган.

Ун, дан азыктарынын тартыштыгына байланыштуу күздүк буудайдын аянты кеңейтилип, ошондон улам айрым райондордо күздүк буудайдын үрөнү тартыш болду. Жаздык эгүүгө 13 миң гектар аянт бөлүнгүп, ага зарыл болгон үрөңдүн башы ачыла элек. Жаздык буудай үчүн зарыл болгон 1140 тонна үрөн жетишсиз болууда:

-Күздүк үрөн боюнча маселелер бар. Биз таап берген үрөндү алууга алардын кудурети жетпеди. Мамлекет тарабынан кредит катары берилчү үрөн маселеси чечилбей калды. Мындан тышкары буудай айдоону каалагандар да арбын болуп жаткандыгы да буга себеп, - дейт Нурбек Жээналиев.

Анткени менен бир катар райондордун жеке дыйкан чарбалары жер айдоого жана күздүк буудай эгүүгө керек болгон каражаттардын тартыштыгын сезишүүдө. Аксы районунда да көптөгөн жарандар өз үлүш жерлерине күздүк буудай себе албай калышкан.

Райондогу Кошдөбө айыл өкмөтүнүн тургуну Сагын Ызабековдун бир гектар жетимиш сотых кайракы жана сугат аянты бар. Бирок ал күз кургакчыл болгондуктан жана суунун тартыштыгынан тиешесиндеги жерди жайдак калтырууга аргасыз болгон:

-Элүү сотых жерим сугат. Былтыр күзүндө сепкенге кургакчылык тоскоол болду. Бир жагынан техниканын тартыштыгынан күздүк себүүнү учурунан өткөрүп жибердим аргасыздан. Ошентип кайракы жерим да, сугат жерим да жайдак калды. Эми жазды күтүп атабыз, бир нерсе кылабыз го.

Базаркоргон районундагы ардагер Анарбай Закировдун бир гектардан ашык менчик жери бар. Ал күздүк буудайдын үрөнүн мурда эле камдап алган. Анын пикири боюнча азык-түлүктөр тартыш болуп турган чакта ар бир киши өз камын өзу көргөнү ийги. “Өкмөт бүтүрүп берет” деп жогору тарапты карап олтура бергенден буудай эгилип, нан бышып калбайт деп эсептейт ардагер.

Сузак районундагы тоо бөлүгүнүн калкы да күздүк буудайды эгүүгө бардыгы эле үлгүрүшкөн жок. Райондун Көкарт өрөөнүндө жерлердин арыктыгынан айрымдар буудайдын ордуна беде себүүгө өтүшкөн. Ал эми Карамарт айылынын тургуну Семетей Карабековдун менчигине 2 гектар жер тийген. Тоо өңүрүндө күйүүчү майдын тартыштыгынан ал да менчик аянтына күздүк буудай себе албай калган.

Ысыккөлдүк дыйкандар буудай, арпа жана башка дан эгиндерин айдоону азайтканына бир нече жыл болуп калды. Алар буудай айдоого үрөн, жер семирткичтин жетишсиздиги, өкмөт тарабынан айыл чарба тармагына көңүл бурулбагандыгы жолтоо болуп жаткандыгын айтышууда.

Дыйкандардын көпчүлүгү күздүк айдоодон мол түшүм алынарын билишкени менен учурунда күздүк себүүгө ар кандай шарттын жоктугунан жетишпей калышкан.

Ысыккөл районундагы Кожояр айлынын тургуну Дунганбай Мырзалыевдин айтуусунда, күзүндө эл малын кое берет, бул кайтарууну талап кылат. Экинчиден, кышкы кык талаага жазында себилгендиктен ал күзгө чейин органикалык күчүн жоготот. Ал эми минералдык жер семирткичтер болсо таңсыкка айланган:

-Үрөн жок, күйүүчү май кымбат. Жок дегенде өкмөт арзаныраак жер семирткич берсе айдайт элек да. Бизде жаздык эгин жакшы болот.

Көлдүктөр акыркы он жылдан бери көбүнчө жаздык себүүгө өтүшкөн. Дыйкандар айыл чарбасына мамлекет тарабынан көңүл бурулбагандыгы, дыйкандарга колдоо болбогондугу дыйканчылык кылууну жыл өткөн сайын оорлотууда. Учурда айылдык дыйкандарда айдоо аянттары кенен болгону менен аны иштетүү үчүн которуштуруп айдоо жана башка жолдор менен семиртүүгө аракет кылып жатышкан учур.

Февраль айынын башында Ысыккөлгө келген өкмөт башчы Игорь Чудинов айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн мамлекеттен бир багыт же жардам керек деген дыйкандарды “өкмөттөн эч жардам болбойт” деп кесе айтып, басып салганы дыйкандардын көңүлүндө калды.

Расмий маалыматтар боюнча көлдө арпа-буудай айдоо 13-15% кыскарган. Ысыккөлдүн тескей тарабы климаты жагынан эгин өстүрүүгө ыңгайсыз. Бул аймактагы суу баскан 19 миң гектар айдоо аянтындагы жер кыртышынын жана үрөндүн тукулжураганын Тоң райондук айыл чарба башкармасы Алмазбек Муканбетов төмөнкүдөй ырастады:

-Үрөн маселеси кыйынчылыкты туудурууда. Дыйкандардын үрөндөрү сапаттуулугун жоготуп атат. Үрөнчүлүк үч чарбаныкы жетишсиз болуп жатат. Башкалардыкы кымбат, жыйырма сомдон өйдө.

Ошентсе да быйыл Ысыккөлдө жаздык буудай айдоо 7-8 миң гектарга арбын айдоону максат кылууда. Айдоо май айында башталат.

Өкмөт айыл чарбасын өнүктүрүүнү колго албаса, быйыл да ачка калабыз



Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн күздө 167 миң гектар жер айдалып, 91 миң гектарына күздүк буудай себилген. Айрым адистердин айтуусунда бул көрсөткүч аздык кылат. Анткени Кыргызстандын климатында күздүк буудай жакшы түшүм берет, мына ушуну айыл чарба тармагынын жетекчилери эске алышса жакшы болмок, дешет алар.

Мурдагы айыл чарба министри, академик Жамин Акималиев арпа, буудай жана башка дан эгиндеринин аянттарын көбөйтүп, түшүмдүүлүктү өстүрүүнү колго албаса быйылкы жылы да акыбал оор болуусу мүмкүн деп эскертти.

Өкмөт буудай кенемтесин толтурууну быйыл көңүлдөн сырт калтырбоого убада берүүдө. Премьер-министр Игорь Чудинов Кумтөр алтын кенинен түшкөн каражатты данга айлантуу боюнча “Алтын–дан” аттуу долбоор иштелип жаткандыгын журналисттерге ачыктады. Бирок бул долбоор качан ишке кирип, канчалык деңгээлде ишеничти актайт - муну убакыт көрсөтөт.

Замира Кожобаева, Бишкек
Ырысбай Абдраимов, Жалалабат
Рита Нурманбет кызы, Ысыккөл
XS
SM
MD
LG