Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

Бишкек шаарынын 130 жылдык мааракесине карата шаардык маданият башкармалыгы бир катар маданий иш-чараларды уюштурууда. Тагыраак айтканда, башкалаа тууралуу мыкты ырга “Сүйгөн шаарым Бишкегим” аттуу сынак жарыялады. Ага чыгармалар февраль айынын соңуна чейин кабыл алынат. Ал эми апрель айында жыйынтыгы чыгарылат.

Бул сынак менен катар ардагерлерге арналган “Кызыл гвоздика” фестивалы жарыяланды. 9-ирет өтүп жаткан сынакка ардагерлер жана ардагерлерден турган чыгармачыл топтор катыша алат. Талапка ылайык, катышуучулар вокалдык хор, жеке аткаруучулук жана көркөм окуу боюнча ат салышат. Фестиваль 7-майда жеңүүчүлөрдүн галла концерти жана сыйлыктардуу тапшыруу аземи менен жыйынтыкталат.



Шаардын мааракесине карата борбордогу мемориалдык музейлерде да көргөзмөлөр ачылып, анда Бишкек шаарынын тарыхын чагылдырган материалдар коюлат. Учурда көргөзмөнүн ачуу үчүн даярдыктар көрүлүүдө. Бул туурасында калаадагы мемориалдык музейлердин жетекчиси Арман Момаханова кабарлады. Ал эми шаардын 130 жылдык мааракеси 29-апрелде белгиленери күтүлүүдө.



Экинчи Ысыккөл кинофестивалын өткөрүүгө даярдыктар көрүлө баштады. Бул туурасында Улуттук “Кыргызкино” концерндин жетекчиси Абибила Пазылов билдирди. Анын айтымында, бул жолку фестиваль биринчиге караганда кененирээк болот. Тактап айтканда, алгачкы фестивалда 12 өлкөнүн тасмасы көрсөтүлсө, бул жолу 20 мамлекет фильмдерин сунуштайт. Ошондой эле конкурстук негизде көрсөтүлчү тасмалардын саны көбөйөт.

Бишкекте “Амалтея-Борбор Азиядагы аял” деген аталыштагы кинофестиваль ачылды. Борбор Азиядагы аялдардын кадыр-баркын көтөрүү жана көркөм өнөр аркылуу аялдардын көйгөйлөрүн көрсөтүү максатын аркалаган бул иш-чарада көрүүчүлөргө кыргыз, өзбек, тажик кинорежиссерлорунун тасмалары тартууланууда. Ошондой эле казак фотокөргөзмөлөр ачылды. Фестиваль өз ишин бүгүн жыйынтыктайт.



Бүгүн Кожомкул атындагы спорт ордосунда куудул Тынар Курбаналиевдин жеке концерти өтөт. Эки саатка созулган программада Тынар мырза жаңы сатираларын Күмөндөр Абылов баштаган бир катар куудулдар менен ойномокчу. Тынар Курбаналиевдин айтуусунда, ушул эле программадагы концертин Алматыдагы кыргыз мекендештерге жана Жалалабадын тургундарына тартуулайт.

Эл аралык маданий жаңылыктардан Индиянын борбору Дели шаарында 17-эл аралык китеп көргөзмөсү ачылып, анда 22 мамлекеттен 1200 басмакананын китептери көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Индияда жылына эки жолу өткөрүлчү бул көргөзмө бүгүн жыйынтыкталат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов операны жана цирк өнөрүн жандандырганга уруксат берди. Ал ошондой эле Түркмөнстандагы бий жамаатарын эс алуу жайларында бийлешине тыюу салды.

Швейцариядагы “Зеедам-Культурцентрум” музейинен Пабло Пикассонун “Аттын башы” , “Стакан жана кумура” аттуу эки сүрөтү уурдалды. Айрым маалыматтарга караганда, уруулар көргөзмөгө күндүз киришип, музей жабылганга чейин күтүшкөн. Учурда кылмышкерлер изделүүдө.
XS
SM
MD
LG