Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:04

Доорубуздун даанышман ойчулу, чыгаан сүрөткери Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине которулуп, эли-жерин даңазалап келатат. Жазуучунун “Тоолор ураганда (Сардал кыз)” романы ушу тапта кыргыз тилине таржымаланууда. Көркөм сөз чеберинин 80 жылдык мааракесин утурлап “Азаттык” үналгысы анын чыгармачылыгы, коомдук ишмердиги, пенделик жашоо-турмушун чагылдырмакчы. “Бетме-бет” түрмөгүндө Ч. Айтматовдун жаңы чыгармасын филология илим кандидаты, доцент, белгилүү адабиятчы, илимпоз Мырзабек Жумаев менен философия илим кандидаты Карыбек Байбосунов талкууга алды.

- Чыңгыз Айтматовдун (Chyngyz Aitmatov) жаңы романы кыргыз окурмандарынын көпчүлүгүнө тааныш эмес. Себеби кыргызча которула элек. Орус тилинде чыккан китептин нускасы дагы аз экен. Элдин көбүнө жетпей калды. Мырзабек мырза, Айтматовдун жаңы романы мурдагы чыгармаларынан, айталы “Кыяматтан” же болбосо, “Кылымга тете бир күндөн”, “Гүлсараттан”, “Ак кемеден” дегеле Айтматовдун буга чейинки чыгармаларынан эмнеси менен айырмаланат? Айырмалана турган белгиси барбы? Эгер бар болсо, ал кандай белгилер?

- Кыргыз тилинде бул китептин жоктугунан али угармандар арасында тарай элек. Айтматовдун калеминен жаңы чыгарма жаралгандыгы тууралуу сөз болгондо, анын аталышы тууралуу дагы айрым адабиятчылар, жөнөкөй эле окурмандар арасында талаш боло баштады.

Бул чыгарма легендага байланыштуу ушундай аталышка ээ болуптур. Бул жерде сөз “Айтматов буга чейинки чыгармаларынан өзгөчөлүүбү же андай эмеспи?” деген суроо туулат да.

Айтматовдун бардык чыгармаларын, дегеле анын чыгармачылык жолу менен салыштыра карап көргөндө, бардык чыгармаларында мындай жалпылык бар экендигин, ошол эле маалда, улам бир чыгармасы мурдагысынан айырмаланып тургандыгын байкоого болот.

Жаңы романында Айтматовго таандык жаныбарлар бар экендиги, мисалы үчүн “Гүлсаратта” жоргонун, Бугу эненин, Каранардын мына ушулардын бардыгында кандайдыр бир окшоштук бар.

Демек Айтматов өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашын берип, кандайдыр бир жаныбарлардын жашоосу менен дагы тутундаштырып, кандайдыр бир экологиялык бүтүндүк, бирдик бар экендигин берүү аракети менен мына ушул жерде концептуалдуу мамилеси сакталгандыгын көрүүгө болот.

Мына бул чыгарманы биринчи ачканда эле Жаабарстын окуясы. Бир караганда Жаабарстын эч кандай тиешеси жок. Бир жагынан ал ушул романда башкы фигура болсо, экинчи жагынан алып келгенде башкы каарман Асел экөөнүн өмүр жолдору эч качан кайчылашпачудай сезилет.

Бирок Айтматов алардын тагдырын кайчылаштырып, мотивин табат. Мына ушул адам менен жаныбардын тагдырынын келип кайчылашыш тагдыр аркылуу мына бүгүнкү күндүн чындыгы аркылуу тутумдаштырып, түйүндөштүрүп турат.

- Карыбек мырза, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дайыма көп катмарлуу контекст-подтекстке бай келет. Жаңы романында Айтматовдун азыркы окурманга айта турган, эскерте турган идея сиздин оюңузча эмнеде?

- Азыр экология маселеси мурункудай тышкы жан дүйнөдөн оолак, чоочун дүйнө болбостон, азыр адамдын жан дүйнөсүнүн бирден-бир компонентине, моралдык-нравалык категорияга айланып кетти.

Ошол адамзатынын нравалык туруму, ахыбалы ошол экологиянын көрсөткүчтөрүнүн күзгүсү сыяктуу чагылдырылып жатат. Айтматов деген жазуучу ушул ой-туюмду кандайдыр бир интуициялык сезим тереңдигинен байкап, ошону берүүгө аракет жасаган экен.

Жаабарс деген тоо илбирси менен Арсен саманчынын шаардык интеллигент ортосундагы карым-катнашы жок, эч кандай бири-бирине тиешеси жок байланыш бир параллелизм менен чапташтырылган дагы, адам менен табияттын өз ара тагдырлаштыгы, руханий өнүгүштүн азыркы эволюциялык ахыбалы параллелизмде көрүнгөн да.

Ошондуктан бул романды жазууда автор эң биринчи жетекчиликке алган идея – биз кайда баратабыз? Кандай чөйрөдө жашайбыз?

Ошол чөйрөдө жашаш үчүн биз өзүбүздү кандай тазалашыбыз керек?

Өзүбүзгө-өзүбүз кандай баа беришибиз керек? Мына ушул маселени ичтен сыртка чыгарып койгон.

- Мырзабек мырза, романдын тегерегинде болгон талаш-тартыштардын көпчүлүгү материалдык туйтунуу менен руханий байлык ортосундагы, жаратылыш менен жаратылышка кыянат кылган адамдардын өтө көп проблемалардын тегерегинде философиялык ой-жүгүртүү болот. Романга айтылган сындардын көпчүлүгү “бул роман Айтматовдун мурдагы чыгармаларынан эч кандай деле айырмачылыгы деле жок. Көп жагынан алганда алар деңгээлине жетпей калган, Айтматов өзүн-өзү сүрөткер катары жазуучу катары айтып бүтүп калды” деген ойлор айтылды. Сиздин оюңузча, ошого бир жем таштай турган романда өксүктөр, айрым бир кемчиликтер барбы?

- Сын айтыш бул өзү адабият таанууда туура эле көрүнүш. Анткени ар кимдин табити ар кандай. Аны кабыл алуунун өзү дагы, түшүнө жана түшүндүрө билүүнүн дагы өзүнүн ошончолук көп кырдуу жолдору бар.

Романды мактаган, Айтматовдун жаңы сөзү, философиясынын жаңы багыты катары караган да пикирлер бар. Экинчи жагынан “Айтматов өзүн кайталап калды” деген пикирлер бар.

Айтматов мына ушул чыгармасында эки параллель – жаратылыш менен адам экөөнүн ортосундагы карым-катыштын келип чыгышы жөнүндөгү жана ошондой кайчылаштыктын келип чыгышы жөнүндөгү идея бул эмнеден келип чыкты? Бул биздин бүгүнкү күндөгү катаал чындыктан чыгып жатат.

Айтматов мына ошол катаал чындыкка карата өзүнүн мамилесин билдирип жатат. Жаабарс менен Арсен бирине-бири бет келишкен маалда, кайта бирине-бири сүйөк болгон ахыбалда болуп калды. Экөө тең жарадар болгону бирине-бири сүйөнүп, актыкка моюн сунуп жатышат.

Андан кийинки эпизоддо Арсендин сөөгүн алып кеткенден кийин Жаабарстын сөөгү табылбай калды. Бул эмнени билгизип жатат? Бул жерде атайын символикалык маани жатат. Эгерде кыргыз баласы өзүнүн табиятына, өзүнүн жашоосуна жөнөкөй гана жанагыдай күнүмдүк пайда табуунун, көрпендечиликтин чегинде мамиле жасай турган болсо, анда анын табиятында, жан дүйнөсүндө гана эмес, табиятында дагы улуу баалуулуктар деп саналган, биздин өзүбүздүн жаратылыштын баалуулуктары, чөйрөбүздүн баалуулуктары жөн гана элесте, фантастикалык кыялда гана жашап калышы мүмкүн экендиги жөнүндө ички туюнтманы түшүндүрүп турат.

Мына ушул жагынан алганда, кайрадан бир жагынан Айтматов буга чейинки экологиялык маселени бир кайталагандай сезилгени менен бирок бүгүнкү күндүн талабынан дагы анын өтө курч тургандыгын дагы бир жолу кыргыз баласына сездирүүгө аракет кылып жатат.

Бул дегеле жалпы адамзаттык мааниде экендигин Арсендин өлүмү эмнеге белгилеп жатат? Кыргыз баласынын арасында дагы нравалык жактан тазалык, күнүмдүк пайда көрүүчүлүктөн оолак турган таза күчтөрдүн бар экендигин, бирок аны баалай алыш бардык эле учурда колдон келбегендигин көрсөтөт да.

Ал Арсен өлүм алдында келген шейхтерге “качкыла, силерди өлтүргөнү жатат” деп кыйкырган жок. Ал таптакыр бөлөк, ал тургай өз мекендештерин, ошого жамандык кылган мекендештерин дагы жамандыкка кыйбай жатат.

Мындай адамкерчиликтин эң улуу үлгүсүн көрсөтө алуу менен Айтматов адамдын жашоосунун кийинки багыты ала турган нравалык ориентири кайсында экендигин дагы бир жолу тастыктап койду деп айтсак болот.

- Карыбек мырза, Айтматовдун “Кылым карытар бир күнүндө” түлкү, ал эми “Кыяматта” бөрүлөр – Акбара менен Ташжайнар – кийинки романында илбирс, мына ушул жырткыч жаныбарларда Айтматовдо азыркы замандын гумандуу позициясын келип туруп, аларды жаратылыштын айныксыз бир бөлүгү катары, жаратылыштын өзү катары көрсөтүп жатат. Айтматовдун жаратылышты жырткыч жаныбарлардын көзү менен караганы – бул чыгармачылык бир консепциясынын өзгөчөлүгүбү?

- Айтматов өзүнүн тээ жеринен келе жаткан стилине жараша адамдын ички туюмун, адамдын аң-сезиминин, акылынын, күчүн бергенге далалат кылыптыр.

Бул жашоонун өзү арман. Армансыз жашоо жок. Ошол эле убакта оптимисттик жогорку пафостогу көркөм образды жаратканга автордун күчү жете алган деп айтууга болот.

Романда параллелизмдер менен схематизмдер өтө көбөйүп кеткен. Мурунку романдарынан айырмачылыгы – жасалма түрдө жанаштырып коюу сыяктуу, ошол эле жаныбар менен адамдын тагдырын...

Билбейм, башка бир көркөм каражаттарды тапса болот беле, болбойт беле? Роман, мындайча айтканда, эки бүктөлүп калган да. Анан тез-тез бүтүрүлгөн.

Бирок ошого карбастан, дүйнө чапчыган идеялардын ордосу ушул романда жакшы көрүнүп турат. Интеллекти өскөн коомдун табитине жараша иштелип чыккан.

Батыш менен чыгыштын чыгаан ойчулдары окусун деген таризде жазылган экен.

Бул чыгарманы кыргыз адабиятынын, дүйнө адабиятынын жаңы көрүнүшү катарында айтып коюш керек.

- Мырзабек мырза, адабиятчы катары сизге бир суроо. Айтматовдун ар бир чыгармасы чыккандан кийин бул көркөм адабиятыбыздагы чоң окуя, үлкөн бир жаңылык катары дайыма сыпатталып, ошол чыгарма чыгаар замат артынан толгон токой макалалар, рецензиялар, мактоолор чыкчу эле да. Бул ирээт эмнегедир андай болбоду. А түгүл чыгармага айтылган сындар мактоого караганда арбыныраак болду окшойт. Ушундан улам кийинки романына болгон мамиле замандын өзгөрүлүшүнөн улам болуп жаткан нерсеби, же болбосо коомдук мамиле өзү өзгөрдүбү?

- Азыркы биздин аудиторияны эске алыш керек. Мурдагы мезгилдегидей болбой калды. Мурдагы мезгилдегидей болбогон аудиторияга Айтматов мурдагыдай жетпей калды.

Айтматовду азыр кандайдыр бир окурмандардын кууш чөйрөсү эле окуду. Карапайым калктын арасында Айтматовдун жаңы романы чыккандыгы жөнүндө маалымат жетсе жеткендир, бирок анын чыгармасын алып окууга ынтызар болгон адамдар сейрек.

Анткени шарт, кырдаал өзгөрүп калды деп жатам. Айтматовдун калемгер катары кыргыз коомчулугунда мурдагыдай калыбында калды го деген мен өзүмдүн жеке баам бар.

Ал эми анын чыгармачылыгына болгон мурдагыдай ынтызарлык, ошол эле замат гүлдөтө берген баалардын аз болуп калгандыгы мезгилге жараша таптакыр башка шартка байланыштуу болуп калгандыктан мына ушундай мамиле келип чыгып атат.

Албетте мындай чийки чыккан, схематизмге айланган жерлер бар. Ал анын чыгармачылыгынын бүткүл жагдайын карап көргүлө. Мисалы үчүн Жаабарс жөнүндө деле окуядан мурдагыдай эле Ташжайнар менен Акбарга байланыштуу же болбосо, Гүлсаратка байланыштуу ошондой финалдын, ошондой окуялардын улам бир башка кырдаалда, башка шартта кайталангандай таасир калтырышы толук ыктымал.

Ал дагы келечекте кепке алына турган, ар түрдүү талдана турган пикирлерден. Адам рухунун бийиктиги үчүн болгон нерсени чечмелеп атат да.

Мына элестин, же болбосо, өмүр бою сүйгөнүнүн артынан жүргөн түбөлүк колуктунун мифтеги, легендада орун алган алардын тагдырларынын келиши, ошол эле маалда Жаабарс менен Арсендин кайгылуу өлүмү өзүнүн курмандыкка кылгандыгы жөнүндө мына ушул эки пафосту эки линияда чечмеленген деп айтууга болот.

Арсендин өзүнүн курмандыгы эли-журтун бүтүндөй жамантты кылгандан сакташ үчүн, өзүнүн айылдаштарын жамантты кылгандан сакташ үчүн болгон курмандыкты эч ким түшүнгөн жок.

Бул анын трагедиясы болуп жатат. Аны кайрадан эле “бир 5-10 сом алып калат элек, бир аз пайда көрөт элек, ошол бизге келе жаткан пайданы жок кылды” деп жаман көрүүгө алып келет.

Мына ушундай көрүнүштү кайталоо менен адамдын сабырдуулукка, ар тараптуу кенен ойлоого чакырык дагы ташталып тургандыгы байкалат.

- Карыбек мырза, Айтматовдун жаңы романы азырынча кыргыз тилдүү окурмандардын көпчүлүгү чыгарма менен тааныша элек. Айтматовдун чыгармаларын кыргызчага абдан мыкты таржымалаган Ашым Жакыпбеков, андан кийинки Аман Токтогуловдун көзү өтүп кеткенден кийин Айтматовдун чыгармаларынын кыргызчаланышы өзүнчө бир чоң проблемага айланып калгандай болуп калды. Себеби Айтматовдун чыгармаларынын таржымасы жөнүндө “жакшы” деген дагы, “жаман” деген дагы сын-пикир же мактоону уга элекпиз. Баанын сыртында калып келүүдө. Ушундан улам Айтматовдун жаңы чыгармасы кыргыз адабиятынын азыркы контекстинде кыргыз адабиятындагы жаңы жетишкендик катары бааланууга акылуубу?

- Бул “Өлтүрсөмбү, же өлтүрбөсөмбү” деген бир аңгемеси чыккан. Ошону автор ичиндеги каармандарынын биринин чыгармасы катарында дискуссия кылып киргизиптир.

Эми бул романга анын кандай тиешеси бар? Согуш же тынчтык маселесиби? Же адамдардын согуштагы азабы, болбосо, согуш маалына кайрылган бир реферемби? Түшүнүксүз болуп калган да.

Экинчи маселе, Ташафган деген арабдардын 20 миллион долларын алып алам деп террорист болуп кеткендегиси. Эми мунун менен автор эмнени айткысы келген? Ошол кыргыздар жанына күч келсе эле террорист болуп кетеби? Же кандай болот? Ушундай бир суроолорду жараткан проблемалуу жерлери көп экен.

Бирок негизинен айтыш керек: мастер деген мастер. Чоң кемеге чоң деңиз гана чыдайт. Бул чоң деңизге, чоң океанга чыккан чыгарманы дүйнө жүзү таанып, кыргыздын ойчул азаматы, аксакалыбыздын мындан аркы чыгармалары тарала берсин дейбиз.

Тектеш

XS
SM
MD
LG