Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Бурулкан Турдубек кызы, Бишкек Өтүп бараткан аптада Орусия аймагында иштеп жүргөн эки эмгек мигрантын мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Мындай маалымат кыргыз коомчулугунун көңүлүн бурган башкы окуяга айланып, расмий бийлик тынчсыздануусун билдирди. ”Апта окуясы” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы ушул маселеге арналды.

Маалыматка караганда, эки жаран мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүлгөн. Булар Орусия аймагында киши колдуу жан таслим болгондордун алгачкылары эмес. Жыл башынан бери кыргызстандык сегиз жаран киши колдуу жан таслим болгон. Мындай мыкаачылык скинхеддер деген ат менен белгилүү улутчул кылмышкер топтордун колунан келгендигинен шек санагандар өтө сейрек. Ага жараша жергиликтүү коомчулук акыркы айда айрыкча байма-бай кайталанып кеткен мындай жоруктарга Орусиянын тиешелүү кызматтары олуттуу мамиле жасашы керек деп эскертишүүдө.

Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун тапшырмасы боюнча учурда Эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыш Комитети Орусия Федерациясынын мамлекеттик думасына кайрылуу даярдап жатат. Кайрылуу келерки аптада жөнөтүлөрүн комитет төрагасы Эрик Арсалиев билдирди:

- Акыркы айларда, акыркы күндөрдө ушул күчөп кетти. Ошон үчүн биз мындай катуу билдирүү жасабасак, бул эч качан токтобойт. Орусиянын депутаттарына кайрылуу кылабыз деген ой бар. Ай сайын биздин жарандарды кармап алып, көрүнгөн жерде өлтүрө берсе эмне болот? Булар болсо “жөн эле хулигандар” деп коюп отура берет.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин билдирүүсүн эске албаганда, Тышкы иштер министрлиги жарандардын өлүмүнө байланыштуу өз атынан билдирүү жасай элек. Премьер-министр Игорь Чудиновдун апта этегиндеги маалымат жыйынында билдиргенине караганда, жакынкы күндөрү бул маселеге байланыштуу өкмөт тарабынан чара көрүлөт, бирок, кандай чара көрүлөөрү азырынча бейдарек бойдон турат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги болсо кылмышкерлердин колунан мерт болгон кыргызстандык жарандардын өлүмүн тыкыр иликтөөгө алууну Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине сунуш кылган нотаны Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жолдоду. Бул тууралуу «Азаттыкка» элчи Райымкул Аттокуров билдирип, Орусия бийлиги акыркы окуяларга таасын мамиле жасарына ишенимин билдирди :

- Бул окуя боюнча өзүнчө чечилет го. Бирок булардын реакциясына ишенебиз. Ансыз деле биз айына бир-эки жолу Тышкы иштер министрлигинде Ички иштер министрлигинин, Миграция комитетинин өкүлдөрү менен чогулуп, ушундай резонанс болгон окуяларды талкуулап, өзүбүздүн сунушубузду берип, жолугушуулар өтөт. Бирок ошентсе дагы, кээде айрым учурларда тергөө өз жолу менен эмес, акырына чейин жетпей калат го деген ой бар. Ошон үчүн “тездетсе, ошонун мөөнөтүн кыскартса, тезирээк бизге чечим чыгарып берсе” деген ниет менен кайрылдык. Биздин жарандардын туугандары, ата-энелери дагы кайрылат. Аларга биз дагы жардам беребиз. Бардык болгон окуялар биздин көзөмөлүбүздө. Ошон үчүн мындан ары биз ишенебиз, биздин жарандарга тиешелүү ушундай кайгылуу окуялар болсо, тездетип, чукул арада чечүүдө аракеттенишет го деп.

Анткен менен, чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары, анын ичинде Орусиядагы кыргыз диаспораларынын арасында улутчул такыр баштардын кылмыштуу аракеттери күчөшү мүмкүн деген кооптонуулар бар. Мындай оюн «Азаттык» менен «Замандаш» ассоциациясынын президенти Жума Абдуллаев бөлүштү.

Абдуллаевдин көз карашында, буга орус коомчулугундагы нааразылык жана ага кошумча эмгек мигранттарына байланыштуу жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат таасир этип жатат:

- Негизи эле азыр Москва жана Москва облусу боюнча “ушул мигранттар абдан көбөйүп кетти” деп элдин нааразычылыгы дагы күчөп, администрациялык деңгээлде дагы нааразычылык күчөп жаткан мезгил. Өткөндө эле мигранттардын квотасын үч эсеге азайтуу боюнча орус өкмөтүнүн токтому чыккан. Бул токтомдун негизинде, борбордук телеканалдардын бардыгында ошол Москвадагы мигранттарга рейддер жүргүзүлгөнү жана башка чоң акциялар жөнүндө көрсөтүп жатат. Москвада катталбаган мигранттардын саны бир жарым миллион деп бүгүн берип жаткан. Ошол токтом, коомдогу маанай такыр баштарга дем берип, шык берген окшойт. Ошондуктан акыркы убакта абдан күчөп кетти.

Бул аралыкта орус улутундагы кыргызстандык жарандар арасында бейбаштар жасаган кылмыш ишин саясатташтырылып жатат деп, муну колдобогондор да болууда. Кыргызстандагы «Славян» фондунун төрагасы Валерий Вишневский Орусиядагы мындай көрүнүштөр Кыргызстанда деле болуп келатат, ошондуктан, бул маселени көтөрүү эки мамлекет ортосундагы мамилени салкындатып коюшу ыктымал деген ойдо:

-Мен депутаттарга, Тышкы иштер министрлигине кайрылат элем: Славян фондуна жыл ичинде кыргыздар орустарды, анын ичинде башка улуттагыларды өлтүрүп койгондугу боюнча ондогон кайрылууларды жасашат. Биз муну түшүнөбүз, эч качан эч кандай нота жибербейбиз. Биз Кыргызстанда дагы, Орусиядагы дагы сот акыйкаттыгына ишенебиз. Ошондуктан, нота жөнөтүүнүн кажети жок. Бул орус-кыргыз мамилесин салкындатуу үчүн Төртүнчү бийликтин өкүлдөрү ушундай пиар жасап атышат.

Анткен менен, жергиликтүү саясатчылардын, талдоочулардын кыйласынын көз караштарында, улутчулдук боегу бар мындай өлүмдөргө маани бербей коюуга болбойт. Ошол эле мезгилде кыргызстандык жарандардын өлүмүнүн себептерин териштирип, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу Орусиянын ички иши болгондуктан, кыргыз тарап дипломатиялык мамилелердин чегиндеги аракеттер менен гана чектелери белгилүү.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун билдиргенине караганда, бул эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жөндөй турган эки тараптуу макулдашуу бар, бирок бул Орусиянын ички ишине киришүү дегенди туюндурбайт:

-Мисалы, эгерде ошонун бардыгы мыйзам чегинде болсо, бизде Кыргызстанда болуп жаткан кылмыштарга же ич ара болуп жаткан иштерге башка мамлекет кийилигише албайт. Ошол себептен эле биз дагы Орусиянын ички кылмыштуулуктун абалына таасир тийгизип же башка бир нерсе жүргүзө албайбыз.

Бирок саясат таануучу Марат Казакбаев Орусиядагы Кыргызстанга тиешеси бар кылмыштуу аракеттерди азайтуунун жолун эки өлкөнүн тартип коргоо кызматтарынын биргелешкен аракеттеринен көрөт:

- Менин оюмча, Орусиянын органдары скинхеддерди кармоо боюнча иштеп атышат. Менимче, атайын жасабай эле, алардын көбүнчө колу жетпей жатат. Менимче, эки өлкө ушунун бардыгын чечиш керек да. Кыргызстан дагы, Орусия дагы мыйзам долбоорун чыгарып. Эки өлкөнүн Ички иштер министрлиги жакшы иштеш керек.

Улутчулдардан запкы көргөн фактылар азыркыдай көп болбосо да катталып келген. Аларга тиешеси бар деп саналган скинхеддер кармалгандыгы тууралуу маалымат тараганы менен, аларга каршы жазалар улутчулдук эмес, бейбаштык же башка негиздер менен жазалангандыгы же тергөө иштери акырына чыкпай калгандыгы айтылып жүрөт.

Марат Казакбаев такыр баштардын мыкаачы аракеттери Орусиядагы чоң проблемалардын бири дейт:

- Кылмыштуулук башка мигранттарга дагы болуп жатпайбы. Молдавиядан, Кавказдан, Украинадан. Менимче, бул Орусиянын чоң маселеси. Көп тараптуу долбоор түзүш керек, ошондо бул чечилет. Бирок ал маселе баары бир кетпейт. Себеби мындай карап көргөндө, башка региондордо деле скинхеддер чыгып жатпайбы. Татарстан, Алтайда гана жок, бирок башка жакта болуп эле атпайбы. Менимче, КМШ өлкөлөрү кеңешип, бир чечимге келиши керек.

Буга чейин айтылып келаткан маалыматтарга караганда, Орусияда иштеген эмгек мигранттарынын саны болжол менен 350-400 миңдин тегерегинде. Кыргыз мигранттарынын «Замандаш» ассоциациясынын маалыматына караганда, алардын ичинен 2006-жылдан бери өлгөндөрдүн саны үч жүз алтымыш төрткө жетти. Бирок булардын канчасы киши колдуу, канчасы башка кырсыктардан көз жумгандыгы белгисиз.

Бирок белгилүү жагы акча табуу үчүн Орусияга барган кыргыздардын мекенине биротоло кайтып келерине ишеним аз. Анткени, алардын өздөрүнүн жана алардын туугандарынын тиричилиги үчүн Орусияда иштөө пайдалуу. Ошондуктан, алар бардык кыйынчылыктарга кайыл болуп ишин улантары турган иш. Маселен, Москванын борборунда короо тазалагыч болуп иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын бири Акмат Асанов айына 600 доллардын тегерегинде каражат табат. Мындай каражатты ал Кыргызстандан табарына дегеле көзү жетпейт. Акмат “Азаттык” үналгысына телефон аркылуу маек куруп берди:

- Ушул кезде силердин коопсуздугуңар кандай болуп жатат?

-Мурдагы жылдарга караганда, азыр иш бергендер регистрация жасатып берет. Дворник болуп, форма кийгендиктен көбүнчө милициялар текшере бербейт. Кыргыз балдарды метролордо кармап, сабап кеткендерди биз бири-бирибизден тез эле кабар жетип, угуп турабыз. Мисалы, “коңшу метродо ушундай болуптур” деп. Башка кыргыздар ошол өлгөн кыргыз балдардын жакындарына көңүлдөн чыккан акча чогултуп берет.

- Скинхеддер ошол жерде канчалык көп деп эсептелет? Мисалы, силер муну кантип байкайсыздар? Кантип сезесиздер?

-Булар негизи уюшулган топ. Аларды жогору жактан каржылап келишет. Булар дайыма эле жүрө бербейт. Өздөрүнүн убакыт-сааты келгенде колуна темирлерди алып, куралданып алышып, 20-30дай орус балдар чыгып, “Москвада жалаң биз жашашыбыз керек, башкаларга орун жок” деген ураандар менен көчөлөрдө көрүнгөн Кавказ түспөлүндөгү, же Азия түспөлүндөгү адамдарды уруп, өтүп кете берет. Булардын майрамдары негизинен апрель айында башталат. Бул айда Гитлердин туулган күнү да.

- Жергиликтүү бийлик, мисалы милиция тарабынан ошолорду кармап, камаган учурларды укканыңар барбы?

-Бул жөнүндө гезиттерден окуп калабыз. Атайын “Черезвычайная ситуация” деген телеберүүдөн көрүп калабыз.

- Кыргыз мигранттары ошолордон сактанып, коргонуш үчүн эмне кыласыңар? Силерге Кыргызстандын элчилиги, же диаспора башчылары тарабынан кандайдыр бир эскертүүлөр болобу? Алдын-алуучу чаралар көрүлөбү?

-Мен мына үч жылдан бери Москванын борборундагы Тверская районунда “Коммунал-сервиз” деген ишканада иштеймин. Ушул ишканага бир дагы элчиликтен, диаспорадан келген адамдарды көргөн жокмун. Алар паспорт жагынан гана жардам беришти. Кеңеш берип, же башка бир жаңылык айта турган милдеттерди аткарышпайт.

- Силер өзүңөр кантип сактанасыңар? Кандай учурда коопсуз болушу мүмкүн деп ойлойсуздар?

-Эми эки жакты карап жүрөбүз. Мына ушул да коопсуздугубуз.

- Акмат, сенден башка айлана-тегеректе кыргыздар көппү?

-Мисалы, мен иштеген ишканада 20дай кыргыз барбыз.

- Ошол сен иштеген жерде, үч жылдан бери сенин айланаңда, өзүң көргөн, өзүң күбө болгон ушундай запкы көрсөтүлгөн, каза болгон, же таяк жеген фактылар барбы?

-Жок. Андайды көрө элекпиз. Эми мындай сырттан, скинхеддерден эмес, орустардан таяк жегендерди көрөбүз. Скинхеддер көбүнчө борбордо азыраак жүрүшөт. Алар Подмосковье жакта жүрсө керек. Борбордо тынч эле.

“Азаттыкка” маек куруп берген Акмат Асанов сыяктуу эле кыргызстандык жарандар Орусияда, анын ичинде такыр баш улутчулдар көп деп саналган Москва тегерегинде жана Санкт-Петербургда жүргөн эмгек мигранттары акча табуу үчүн тобокел жашоолорун улантып жатышат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG