Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:31

16:03 УТРКдагы чатакты жөндөө комиссиясы эртең өз тыянагын жарыялайт


Бул тууралуу «Азаттыкка» бүгүн комиссия төрагасы, маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди. УТРКнын баш директору Мелис Эшимкановдун кызматтан кетишин талап кылып, 31-январдан бери ачкачылыкта отурушкан кызматкерлер менен УТРК жетекчилиги кечээ комиссиянын катышуусунда жолугушуп, бирок мунасага келе алышкан эмес. Акциянын катышуучуларынын бири , УТРК директорунун мурдагы орун басары Бейшенбек Бекешов Мелис Эшимканов кызматынан кетпесе, ачкачылык токтобой тургандыгын бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Ал эми УТРК директорунун азыркы орун басары Эрнис Кыязовдун айтымында, нааразы тарап менен кызматташууга УТРК даяр. (BuS)

XS
SM
MD
LG