Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:08

Амирбек Усманов, Прага Мюнхенде коопсуздук саясатына арналган эки күндүк ири конференция аяктады. Орусиянын 1-вице-премьери Сергей Иванов Кремлдин саясатынан Батыш өлкөлөрүнүн кооптонуусу негизсиз деп, Косовонун эгемендигин бир жаактуу таануу опурталдуу экенин эскертти. Андан мурда сүйлөгөн АКШнын коргоо министри Роберт Гэйтс НАТОнун Ооганстандагы милдетинин өзгөчөлүгүнө көңүл бурган. 44 ирет өткөн конференцияга 50гө жакын өлкөдөн 400дөй мартабалуу жетекчилер катышты.

Орусиянын акыркы жылдары аскер күчтөрүн каржылоону күчөтүп, аба жана деңиз флотун кансыз согуш жылдардагыдай күнү- түнү күзөткө койуусуна тыш өлкөлөр шектенүү менен карайт. Мындан кабардар Иванов Мюхен конференциясын эларалык коомчулукту жоошутуу үчүн пайдаланды. Ал англисче сүйлөп, оболу Орусия улуттук кызыкчылыгын атаандаштары менен каршылашпай коргой турганын айтты:

-Биз бул милдетибизди аскерий блокторду түзүп же өнөктөштөрүбүз менен ачык каршылашууга барбастан аткарабыз.

Ивановдун сөзүнчө Орусия 2020-жылга дүйнөдөгү эң кубаттуу 5 өлкөнүн бири болот. Андан чочубаш керек. Орусия “бөтөн өлкөлөрдүн коопсуздугуна чоң коркунуч туудурбайт” жана отун энергиясы боюнча келишимдерди бузбай аткарат.

Сергей Иванов Косово боюнча Москванын көзкарашын кайра кайталап, бул грек мифологиясындагыдай адамзатка “жамандык” алып келчү сандыкты ачкандай окуя болот деди:

- Косово бир тараптуу түрдө эгемендүү жарыяланса, болочокко үлгү берет. Эларалык укук бузулат. Биз “Пандоранын сандыгын” ачабыз деп ойлойм.

Калкынын көбүн албандар түзгөн Косовонун Сербиядан бөлүнүп чыгуусун АКШ жана Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрү колдоодо.

Иванов АКШ-Орусия ортосундагы Стратегиялык куралдарды контролдоо жана кыскартуу боюнча талкууга да токтолду. Жаңы келишим эки өлкөнү эле эмес, ядролук куралга ээ бардык өлкөлөрдү стратегиялык куралдарын кыскартууга милддеттендириш керек. Эгерде Польша жана Чехияда ракетадан коргонуу системасы жайгаштырса, ага аз каражат менен татыктуу жооп берилет, деп эскертти Серегй Иванов.

Бул маселеге Ивановдон мурда сүйлөгөн АКШнын Коргоо министри Роберт Гэйтс кайрылган эмес. Ал терроризмге каршы күрөшүү НАТОнун вазийпасы экенин эске салуу менен, Ооганстанда ислам экстремизмин жок кылуу үчүн шарт оңтойлуу болуп турганын эскертти:

- Азыр үнүмдү европа континетинин көптөгөн лидерлеринин үнүнө кошуп, Европа элине түз кайрылгым келет. Ислам экстремизминин коркунучу реалдуу жана али жок боло элек.

Роберт Гэйтстин айтышынча, НАТОнун Ооган талибдерине каршы согушу оңунан чыкпаса, ар кайсы өлкөлөрдөгү ислам экстремисттерине чоң моралдык дем болот.
XS
SM
MD
LG