Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:43

10:32 Москва шаарында дагы бир кыргыз жаранына кол салуу болду


“Интерфакс” агенттиги кабарлагандай, окуя кечээ Москва шаарынын түндүгүндө болгон. Бир нече жолу бычак жеген кыргыз жараны ооруканага жеткирилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, кол салгандар эки жаш жигит болгон. Ал эми “РИА новости” агенттиги бул окуяга тиешеси бар деп эки кыргыз жараны кармалганын билдирди. Кол салуу улут аралык касташуунун негизинде болгон деген баштапкы божомол эми орусиялык укук корогоо органдарынын күмөнүн туудурууда. Бул окуя боюнча Кыргызстандын ТИМи кошумча маалыматты кийинчирээк бере турганын маалымдады.Буга чейин Орусияда скинхеддердин колунан беш кыргыз жараны киши колдуу болгон. MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG