Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

11:20 Кыргызстанда 23-24-февралда Санта Клаустардын эл аралык кышкы фестивалы өтөт


Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Турусбек Мамашевдин “Азаттыкка” билдиришинче бул иш-чара Бишкекте башталып андан соң Каракол шаарында уланат. Келечекте Аларча жаратылыш паркында Санта Клаустун кышкы резиденциясы, ал эми жайкы резиденциясы Караколдо салынмакчы. Өткөн жылдын декабрынын башында швециялык “Свеко” фирмасы атайын жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде Санта Клаус мурда айтылып келгендей Лапландия же Финляндияда эмес кыргыз тоолорунда жашаарын маалымдаган. Бул жүйөө Санта Клаус түндүк жакта жашаган болсо, ал жер шарын түгөл кыдырып бардык балдарга белек-бечкек таратып жетише албай калаары менен түшүндүрүлгөн. Ошондон тарта Кыргызстан "Санта Клаус өлкөсү” деген ураан менен бир катар иштер жүргүзүлүп жатат. Адисттердин айтымында бул өз кезегинде өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүүгө чоң көмөк болмокчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG