Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:26

14:40 «Ар-Намыс» партиясы шайлоо жыйынтыгы расмий жарыяланбай атканын сындап чыкты


Партиянын саясый кенешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, БШК 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын шайлоо бүткөндөн кийин эки жуманын ичинде коомчулукка жарыялашы керек эле. “БШКнын шайлоонун жыйынтыгын жарыялабай жатканынын өзү эле шайлоо таза өткөн жок дегенди дагы бир жолу далилдеп турат”,- дейт Б. Мамырова. Партиялардын бул билдирүүгө карата пикири жакынкы арада коомчулукка жарыяланат. Ал эми БШКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Елена Булдакова шайлоодо жеңишке жеткен үч партиянын тизмеси “Эркин Тоо” гезитинде жарыяланганын жана февраль айынын аягында шайлоонун жыйынтыгы боюнча электоралдык маалымдама жарыяланат деп “Азаттыкка” билдирди.(MSu)

XS
SM
MD
LG