Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Оппозициялык «Ар намыс» партиясы бүгүн билдирүү таратып, 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы толук жарыялана электигин белгилеп, бул саясий партиялардын укугун чектеп, мыйзамга каршы келерин эскертти. Буга чейин парламенттик шайлоого катышкан оппозициялык партиялар жана жарандык уюмдардын жоон тобу БШК шайлоону бир партиянын кызыкчылыгы үчүн бурмалап өткөрдү деп, шайлоо тыянактарын тааныбай тургандарын жарыялашкан болчу. БШКнын басма сөз кызматы «Ар намыс» партиясынын акыркы билдирүүсүн төгүндөп, шайлоо тыянагы «Эркин тоо» гезитине жарыяланганын маалымдады.

“Өткөн жылы 16-декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын толук маалымат бербегени шайлоо таза өтпөгөнүнөн кабар берет. Мындан азыркы парламенттин курамынын түзүлгөндүгү дагы мыйзамсыз деп жыйынтык чыгарууга болот”,- дейт “Арнамыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова. Анын айтымында, шайлоого катышкан саясий партиялар жөнүндө толук маалымат берилбегени БШКнын мыйзам бузууларга жол берип, шайлоонун таза, акыйкат өтпөгөнүнөн кабар берет.

Мамырова шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу кайрылууну саясий партияларга жолдошконун ал учурда кызуу талкууланып жатканын билдирди. Анын пикиринде саясий партиялар жакын арада шайлоонун жыйынтыгына карата өздөрүнүн татыктуу баасын берип, коомчулукка билдиришет.

“Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен өткөрүлгөн шайлоонун кандай бурмаланып, шайлоочулардын укугунун тебеленгенин карапайым калк билиши керек”,-дейт Мамырова.

БШКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Елена Булдакова болсо парламенттик шайлоо мыйзамдын чегинде өткөнүн, толук маалымат февраль айынын соңунда коомчулукка жарыяланарын билдирди.

-Кандай жыйынтык тууралуу кеп болушу керек. Шайлоонун жыйынтыгы тууралуу биз убагында “Эркин тоо” гезитине маалымат бергенбиз да.

Буга чейин деле парламенттик шайлоонун жыйынтыгын БШК расмий жарыялабай жатканын “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы айтып чыккан. Коалиция шайлоонун жыйынтыгынын жарыяланбаганынан улам жаш саясатчылар “Мен ишенбейм...” акциясын өткөрүп жатканын белгилеп, БШКнын иш аракеттерин сындаган эле. Аталган коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, парламенттик шайлоодо “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын эки жүздөн ашуун байкоочулары мониторинг жүргүзүп, көп мыйзам бузууларга жол берилгенине күбө болушкан. Шайлоонун жыйынтыгындагы сандар бири-бири менен дал келишпегендиктен БШК толук маалымат бере албай жатат. Анын көз карашында парламенттик шайлоого бийлик түздөн түз кийлигишип, БШК өз алдынча калыс, акыйкат иш алып бара албай, аткаруу бийлигине көз каранды болуп калган.

Буга чейин “Эркиндик”, “Ата Мекен”, “Асаба” шайлоого катышкан жана башка саясий партиялар дагы БШК шайлоонун бурмаланышына, мыйзамдын одоно бузулушуна жол бергенин айтып, мыйзамдуулукту талап кылып келишкен.

Парламенттик шайлоого 12 саясий партия катышып, жыйынтыгында бийликтин “Ак жол” партиясы шайлоочулардын көпчүлүк добушуна ээ болуп Жогорку Кеңештен 71 орун, СДП 11, Кыргызстан коммунисттери партиясы 7 орун алганын БШК расмий жарыялаган эле.

Ал эми “Арнамыс” партиясы болсо шайлоого катышкан башка партиялардын канча добушка ээ болгонун, шайлоонун жыйынтыгы тууралуу толук маалыматты берүүнү БШКдан талап кылууда.
XS
SM
MD
LG