Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:56

УТРКнын ичиндеги чатакты жөнгө салуу боюнча түзүлгөн арачы топ азырынча жаатташкандарды элдештире албай убара. Бүгүн маданият министри Султан Раев башында турган арачы топ өз ара кеңешип, эки тарапты элдештирүү аракеттерин улантмай болушту. Ошентсе да азырынча араздашкандар бир пикирге келчүдөй түрү жок. Бир катар адистер бул жерде жеке гана таарынычтар көп болуп жатканын айтып жатышат.

УТРКнын жумуштан бошотулган кызматкерлери жетекчисине нааразы болуп, аны кызматтан кетирүүнү көздөп бир канча күндөн бери ачкачылык акциясын өткөрүп келишет. Абалды жөнгө салып, эки тарапты жараштырууну көздөгөн маданият министри Султан Раев башында турган арачы топтун аракети да азырынча оңунан чыга элек. Адистердин баамында, тараптар бири-биринин сөзүн уккусу келбей жеке кызыкчылыктарга жана таарынычтарга алдырып, коомчулукта жагымсыз маанай жаратышууда. УТРКнын мурдагы вице-президенти Бейшенбек Бекешов баш болуп ачкачылык кармап тургандар Мелис Эшимканов кетмейинче кепке келбейбиз дешсе, М.Эшимканов Б.Бекешовду кайра жумушка албасын айтып жатат. Арачы топтун мүчөсү “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоевдин пикиринде, бул жерде жеке таарынычтар көп болуп жатат:

- Негизинен ал жакта ачкачылык кармаганга ден-соолугу болбой турган адамдар жүрөт. Эмчектеги баласы бар аялдар жүрөт. Бир кызмат, киши үчүн өзүнүн ден-соолугун ойлошпой. Өз ден-соолугун ойлобосо баласын ойлошпойбу. Ал эмес боюнда бар аялдарга, эмчектеги балдары барларга орозо учурунда да карматпайт да. Бул жакта ушундай болуп атат, жеке таарынычтар көп болуп атат.

Маданият министри Султан Раев бүгүн УТРКнын айланасындагы талаш-тартыш боюнча арачы топтун пикири жарыяланарын билдирген эле. Бирок арачы топ азырынча ишин улантып, жыйынтык сөзүн айтууга шашылбай турган болду. Султан Раев бул тууралуу мындай деди:

- Ачкачылык акция жарыялагандарга аткандарга биз силердин ден-соолугуңар баарынан жогору турат, ошондуктан бардык талаптарыңарды сот аркылуу, цивилизациялуу жол менен чечип алгыла деп айттык. Эшимканов болсо өз сөзүндө Б.Бекешовдон башка ачкачылык жарыялагандардын бирөө дагы жумуштан бошотулбаганын айтты. Бирок алар бул аргументти жетишсиз деп, акцияны токтотууну кийинки күндөргө калтырып атышат. Азыркы күндө биз дагы деле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Биз негизи бул маселени чечүүнүн негизги жолу компромисс деп ойлойбуз. Эки тарап тең кепке келиши керек.

Ал эми ачкачылык жарыялагандар акцияны Мелис Эшимканов кетмейинче уланта берерин, мурда абалдары начарлап ооруканага жеткирилген акциянын эки катышуучусу кайра келишкенин, учурда ачкачылык акциясына катышкандардын саны он төрткө чыкканын айтып жатышат. УТРКнын мурдагы вице-президенти Бейшенбек Бекешов төмөнкүлөргө токтолду:

- Бүгүн биз гана нерсени билебиз. Эртең менен президенттин маалымат катчысы президентке болгон иштин бардыгын айтып берди. Президент тез арада маселени чечкиле деген көрсөтмө бериптир. Ал эми Эшимканов менен дегеле эч нерсе мүмкүн эмес. Ошондуктан талабыбыз аткарылмайынча уланта беребиз. Бир гана талап, бүтүндөй мыйзамсыздык, куугунтукту уюштуруп аткан Эшимканов кызматынан кетсин деген маселе менен чыкканбыз. Ошонун аягына чейин турабыз.

УТРКнын директорунун орун басары Эрнис Кыязов болсо, жаатташкандардын маселеси тиешелүү органдарда чечилиши керек эле пикирде: “Булар тиешелүү органдарга, сотко кайрылбай туруп эле ачкачылык кармап, жарга такагандай болуп атышат. Бул туура болбой калат. Биз Б.Бекешовго эгерде жакшынакай идеялары, долбоорлору болсо иштешкенден качпайбыз деп айтып эле келатабыз”.
XS
SM
MD
LG