Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

ИРАКТА КОЗГОЛОҢДУН КЫЛООСУ МОКОДУ, БИРОК КЫРДААЛ ТУРУКСУЗ


Пентагондун башчысы Роберт Гейтс жекшемби күнү күтүүсүз сапар менен Багдадга келди. Бүгүн ар ирак жетекчилери жана коалициялык күчтөрдүн колбашчысы менен жолугушту. Ирактагы жалпы кырдаалды мүнөздөп, Гейтс коопсуздук чөйрөсүндө соңку кездери байкаларлык жылыштар болгону менен жагдай дале туруксуз экенин белгиледи.

Багдадда Гейтс ирак өкмөтүнүн премьери Нури-ал Малики жана президент Жалал Талабани менен жолугуп,сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Пентагондун башчысы улуттук жарашуу иштерине ирак жетекчилери көбүрөөк көңүл бурушу керектигин белгиледи.

Гейтс Багдадга Мюнхенден учуп келди. Бул жерде өткөн эл аралык коопсуздук жыйынында ал терроризмге каршы күрөшкө жетерлик маани бербей жаткан европалыктарды эскертип, исламчыл экстремисттердин коркунучу реалдуу экенин, ал өзүнөн өзү жок болуп кетпей турганын айткан эле. Бирок Багдадга келгенде Гейтс террорчулардын коркунучу жөнүндө саал башкача апаздагы сөздөрдү айтты. Атап айтканда, Иракта “Ал-Каида” талкаланганын, козголоңчулардын мизи майтарылганын жана зобун-зомбулук кескин азайганын белгилеп,ошол эле учурда кырдаал дале болсо туруксуз бойдон калганын ырастады.

Жекшемби күнү түндүктөгү Найнава провинциясында он бештей козголоңчу жок кылынды, алардын он чактысы “ал-каидачылар” экени айтылууда. Ошол эле учурда “ал-каидачыларга” Иракта өспүрүм балдар да кошулуп жатканы тууралуу маалыматтар бар. Өткөн аптада эле ирак бийликтери менен коалициялык күчтөрдүн жетекчилиги атайын лагерлердин биринде омуртка сөөгү ката элек он бир жаштагы 20дай баланын террордук иштерге машыгып жаткан учурун тартып алган тасма табылганын жарыялап, аны журналисттерге көрсөтүшкөн эле. Америкалык аскерилердин өкүлү Грегори Смит Иракта “ал-каидачыларга” кол кабыш кылып жаткан бүтүндөй бир үй-бүлөлөр бар, мындай чөйрөдө өскөн балдар кийин “Ал-Каиданын” экинчи мууну болуп калат деп эсептейт.

Гейтс Багдадга келерден саал мурдараак Балад шаарында да дүрмөттөлгөн машина жарылып, 23төй киши жер жазданды. Ал эми Багдаддын өзүндө сүннүлөр жашаган райондо миңдей адам нааразылык демонстрациясын өткөрүшүп, жакында камакка алынган он жети кишини бошотууну талап кылышты. Көчө жүрүшүнө чыккандар камалган тургундардын козголоңчуларга тиешеси жоктугун айтышып, америкалыктардын оккупациясын айыпташты.

Багдадда Пентагондун башчысы коалициялык күчтөрдүн колбашчысы Дэвид Петрэус менен да жолугуп, америкалык контингенттин санын кыскартуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Вашингтондо макулдашылган планга ылайык быйыл жай ортосуна барып Иракта америкалыктардын 130 миңдей аскери калышы ыктымал. Гейтс контингентти кыскартуу иши жыл бою улантыларына үмүтү бар экенин билдирген эле. Бирок мунун баары Ирактагы кырдаалга жараша болорун кайра эскертти.

Ирактагы америкалык контингенттин саны ушу тушта 155 миңден ашат. АКШнын өзүндө кыйгас кызыган президенттик шайлоо өнөктүгүндө демократиялык партиянын талапкерлери ирак темасын, өзгөчө аскерлерди бул өлкөдөн чыгаруу маселесин дембе-дем кеп кылышууда. Президент Буш өткөн айда контингенттин санын кыскартууну аскери жетекчилер кеңешип көрүп чечерин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG