Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

БОТАНИКАЛЫК БАККА БООРУ ООРУГАНДАРБЫ ЖЕ ТООРУГАНДАРБЫ?


Бишкек шаарындагы Ботаника багын Кыргыз улуттук илимдер академиясынын курамынан башка тармакка чыгарып кетүү аракети жүрүүдө. Бул аракеттин артында Ботаника багына тиешелүү жер аянттарын менчиктештирүү жатат деген кооптонуулар күч. Андыктан ага каршылыктар көп болууда.

Тээ башынан эле Кыргыз улуттук илимдер академиясынын курамында болуп келген Ботаника багын Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин курамына алуу аракети быйыл күтүүсүздөн болгондугун Академиянын вице-президенти Дүйшө Кудаяров баяндады:

- Ошол Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин деректири Кыргыз өкмөтүнүн токтомунун долбоорун жасап, макулдук берүүгө бизге жибериптир. Ошондо билип жүрөбүз бул шумдукту. Анан караманча каршы чыгуудабыз. “Өзгөчө корголчу аймак” деп бул Ботаника багы боюнча атайын мыйзам чыккан. Мыйзамда анын мүлктөрү, жер аянттары эч кимге сатылбайт жана өткөрүлүп берилбейт деп көрсөтүлүп турат.

124 гектар аянтты ээлеп жаткан Ботаника багында бир кездери 300дөн ашык адам эмгектенсе, каржылык тартыштыктан улам алар кыскарып-кыскарып олтуруп, азыр 64 гана адам калыптыр. Анткен менен да илимдин 2 доктору, 7 кандидаты иштейт. Беш миңден ашык өсүмдүктөрдүн түрлөрү өсөт. Учурда 12 долбоор боюнча дүйнөнүн көптөгөн Ботаника бактары менен байланышта иш алпарууда.

Дүйшө Кудаяров Ботаника багын “Бишкектин өпкөсү” деп да атады. Эгер ал бак болбосо же ал чет жакта жайгашса, бишкектиктердин таза аба жутушу камсыздалбай калмак, бардык газ-түтүндү ошол Ботаника багы тазалап турат.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Абдымитал Чынгожоев бул агенттик эмне үчүн Ботаника багына кызыккандыгын мындайча түшүндүрдү:

-Ботаника багынын эртеңки тагдыры бизди кайдыгер каратпайт. Биз адистер менен барып көрдүк. Эч бир тыйын, эч бир каражат бөлүнбөй, аябай бир жан кейий турган акыбалда калыптыр. Биз өзүбүздүн коруктарыбыздын, улуттук парктарыбыздын катарында аны да каржылап, жалпы бир саясат жүргүзөлү дегенбиз.

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун пикири боюнча, Ботаника багын башка мамлекеттик агенттикке өткөрүү аракетинин артында анын жер аянттарын менчиктештирүү жатат. Анткени ал шаардын мыкты аймагында жайгашкандыктан, менчиктештирүүгө катышпай калган көп атка минерлердин көзү күйүүдө. Академиянын колунан чыкты дегиче эле ар жактан келип басып жеп калышат.

Турсунбай Бакир уулу “Кыргыз өкмөтү эмне үчүн Ботаника багын ошол акчасы менен түз эле каржылабайт, башка мамлекеттик агенттикке өткөрүп анан каржыламакчы болот?” деген суроону койду.

Ал эми Жогорку Кеңеш депутаты Алишер Мамасалиев Ботаника багын мурдагыдай акыбалда калтырууга каршы. Ботаника багын шаар менен мамлекеттик агенттикке бөлүп берсе – мыкты колдоо табаар эле деген ойдо.

Ал эми Кыргыз улуттук илимдер академиясы болсо Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин атайын келишим түзүп, Ботаника багын гүлдөтүүгө жардам берүүсүнө каршы эмес.

Бишкектеги Ботаника багы чоң-чоң талкуу-жыйындардын бутасы да болгону калды окшойт.
XS
SM
MD
LG