Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

АКШ ТАРАПКА ӨТӨ КАЧКАН ОРУС ЧАЛГЫНЧЫСЫ СЫР АЧУУДА


Сергей Третьяков Орусиянын чалгын кызматын таштап АКШ тарапка өтүп кеткен мурдагы тыңчы. 52 жаштагы мурдагы орус чалгынчысы азыр үй-бүлөсү менен АКШда жашайт. Жакында эле анын «Жолдош Ж: Кансыз согуш бүткөндөн кийинки доордогу ири орус чалгынчысынын айтылбай келген сырлары» аттуу китеби жарык көрдү. Третьяков бул китебинде өз өмүр баяны тууралуу токтолуп, Орусияда болуп жаткан акыркы окуяларга сереп салат. Мындан тышкары бул китеп аркылуу Третьяков Орусиянын чалгын кызматынын бир катар сырларын да ачыктайт. Китеп «Вашингтон пост» басылмасынын мурдагы кабарчысы Пит Эрлинин автордугунда жарык көргөн.

Адеп Советтер биримдигинин, кийинчээрек Орусиянын чалгынчысы болуп иштеген Третьяков өз мекенинен 2000-жылдары баш тарткан. Тагдырлаштарына карата Кремлдин катаал мамилесин мурдатан билсе да, ал өз керт башы үчүн корпой турганын айтат.

Убагында Третьяков БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде иштеп ири тыңчылык тармакты жетектеген жана анын миңдеген жашыруун документтерин АКШнын чалгын кызматына көтөрө качкан.

СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин атайын академиясында окуп жүргөндө адистер ага адам үч себептүү мекенине чыккынчылык кылат деп түшүндүрүшкөн. Биринчиси - мекенин саясий же идеологиялык негизде алмаштыруу. Экинчиси - психикалык себептерден улам, ал эми үчүнчүсү - жөн гана каржылык себептен менен мекенин сатуу.

Бирок Третьяковдун айтымында ага АКШ тарапка өтүүгө жогорудагыдан такыр башка себептер түрткү болгон. Третьяков орус бийликтерине болгон өзүнүн дурус мамилеси кийинчерээк жийиркенүүгө өтүп кеткендигине байланыштуу мекенинен кечкенин айтат.

Чалгынчынын азыр аялы, кызы менен АКШнын кайсы жеринде жашары тууралуу маалымат жашыруун, бирок ал өз өмүрү үчүн коркпостугун башка себеп түшүндүрөт.

"Мен Литвиненко эмесмин. Эгер мага бирдеме боло турган болсо Орусияны цивилизациялуу өлкөлөрдүн катарынан чыгарып салышат. Бул себептен мени коргош үчүн алар Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлерин жөнөткөнү оң. Анткени эгерде мени мас айдоочу сүзүп алса да, эч ким бул кокустуктан болду деп ишенбес эле," - дейт мурдагы орус чалгынчысы.

Третьяков «Жолдош Ж: Кансыз согуш бүткөндөн кийинки доордогу ири орус чалгынчысынын мурда ачылбай келген белгисиз сырлары» аттуу китебинде БУУнун Ирак өкмөтү үчүн «Мунайды азык-түлүккө алмашуу» программасынын алкагында Орусия 500 миллион доллар уурдап алган деп жазат.

Чалгынчы постсоветтик Орусиядагы азыркы кырдаал аны өтө нааразы кылганын айтат. Анткени Орусияда жалпы калктын бир-эки пайызы эле байлыкка тунуп, калганы жакырчылыкка белчесинен батты.

Менде Орусияга барып өзүн элита деп эсептеген чакан бир топко кошулуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок бул кандай элита? Алар маданий көрөңгөсү тайкы, кылмыш чөйрөсүнүн тили менен сүйлөгөн адамдардан туруп атпайбы. Аларды кылмышкер десе деле жарашат. Өздөрүн болсо элита деп санайт. Мен барганда бул элитага кошулат элем. Жашоомдо жок дегенде бир жакшы нерсе кылышым мүмкүн эле. Мен дал ушундай чечимге келдим.”

Третьяков Путин тууралуу сөз кылып, анын учурдагы беделининин артышын имиджмейкерлерге шылтайт. Ал эми Путиндин мураскери Медведев тууралуу сөз кылып, аны «тактеке» оюнчугундай сыпаттайт.

Орусиянын дүйнөлүк аренадагы учурдагы кадырынын артышын мунай менен газ эле шарттап жатат дейт мурдагы тыңчы.

Третьяков Москва учурда АКШга «кансыз согуш» мезгилинен да көп чалгынчыларды жөнөтүп жаткандыгына да токтолот. Анын айтымында Орусия өзүнүн башкы душмандары деп Кытай, АКШ жана НАТОго мүчө башка өлкөлөрдү эсэптейт.


Элен Куленбекова, Прага

XS
SM
MD
LG