Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Пакистанда Талибандын жогорку даражалуу өкүлү туткундалган


Дүйшөмбүдө өлкөнүн түштүк-батышындагы Балучистан провинциясынан Талибандын беш согушкери, анын ичинде Мансур Дадулла атуу колбашчысы кармалганынын жергиликтүү расмий өкүлдөр билдирди. Мансур Дадулла Талибандын былтыр майдагы аскерий операцияда мерт болгон аскерий лидерлеринин бири - Молдо Дадулланын бир тууганы.
Бул аралыкта бүгүн Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясынын губернатору Ассадулла Халидге кол салынып, бирок ал жабыр тарткан жок. Бомба губернатордун автокербени бара жаткан жолдо жарылган, андан айланадагы үч адам жаракат алды.

XS
SM
MD
LG