Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Чыгыш Тимордун жаракат алган президенти Австралияга жөнөтүлдү


Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Жозе Рамуш Орта козголоңчуларын анын башкаала Дилидеги үйүнө жасаган кол салуу учурунда жарадар болгон эле. Ал Австралияга чукул медициналык жардам алуу үчүн жөнөтүлдү. Дарыгерлер ичине жана колуна ок жеген президенттин абалын туруктуу деп мүнөздөштү. Окуя бүгүн эртең менен болгон. Атышуу учурунда президенттин күчөтчүлөрү тарабынан козголоңчулардын жолбашчысы жок кылынган. Чыгыш Тимордун премьер- министри Шанана Гужмау окуяны мамлекеттик төңкөрүш аракети катары баалады. Козголоңчулар анын автоунаасын да аткылашкан эле. Чыгыш Тимор Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкө, Индонезиядан көз карандысыздыгын 2002-жылы эле алган.

XS
SM
MD
LG