Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Орусия Ирактын карызынын көбүн кечүүгө макул болду


Орусия Ирактын дээрлик 12,9 миллиард доллар келген карызын кечүүгө бүгүн макул болду жана мындай кадам орусиялык компаниялар бул өлкөдө контракттарды жеңип алуусуна жардам берүүгө багытталгандай. Тиешелүү келишимге бүгүн Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебаринин Москвадагы визити учурунда кол коюлду. Орусиялык маалымат агенттиктеринин кабарына караганда, ал документ Ирактын Орусияга болгон карызынын 93%ын кечүүнү карайт. Ирак тышкы иштер министри Москвада ошондой эле Өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга да кол койду. Ал эки өлкө ортосундагы соода–экономикалык, илимий, маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.

XS
SM
MD
LG