Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Азимбек Бекназаров башында турган революциялык комитет 12-февралда уюштуруу жыйынынын алгачкы отурумун өткөргөн жатат. Бирок анын күн тартибине кандай маселелер киргизилип, кандай чечимдерди кабыл алары жана ага кайсы саясатчылар катышаары коомчулукка белгисиз.

Декабрда болгон парламенттик шайлоого катышып, жеңүүчү добуш топтой албай калган “Асаба” кайра жаралуу партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров өткөн айда “Кыргызстан” деген революциялык комитет түзгөндүгүн жана анын башкы максаты президент Курманбек Бакиевди кызматынан өз ыктыяры менен кетирүү экендигин жарыя кылган. Дүйшөмбү күнү Кыргызстандагы маалымат агенттиктери бул комитет уюштуруу жыйынынын алгачкы отурумун 12-февралда өткөрөт деген маалыматты экс-депутат Дооронбек Садырбаев берди деп таратты. Бирок Садырбаев жыйынга катышууга чакырыкты телефон аркылуу алганын гана айтып, башка маалымат берүүдөн баш тартты. Комитеттин жетекчиси Азимбек Бекназаров болсо жарым жашыруун иш жүргүзгөн кыймыл тууралуу кеңири маалымат берилбестигин мурда эле айтып, азыр маалымат каражат өкүлдөрүнө жооп бербей оолак болууда.

Ушундан улам дегеле комитеттин жыйын курары чынбы, ага кимдер мүчө жана койгон максатына жетишине негиз барбы деген маселе коомдо бүйүр кызытууда. “Ар-намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтымында, кыймылдын максатына жетишине күмөн саноого негиз жок. Себеби аны азыр жоон топ саясий партиялар менен уюмдар колдоп жатат:

- Иш-аракеттеринен саясий жыйынтык чыгат деп мен толук ишенем. Анткени ал азыр керек болуп жатат. Бийлик митингдерди же тегерек стол жыйындарын өткөрүүгө уруксаат бербей өзүнүн гана билгенин жасап жатат. Ошон үчүн кээ бир топтор ушундай жол менен барыш керек экен деп чечти жана аны көп саясий топтор менен адамдар колдоп жатат.

Эмил Алиев комитетке кайсы партиялар кошулуп, кайсы саясатчылар колдоп жаткандыгын ачык айтуудан баш тартты. Анткен менен парламенттик шайлоодон кийин айрымдары оппозициядан кетип, кээ бирлери алдыдагы максаттарын так аныктай албай жаткан оппозициячыл күчтөрдүн мындан аркы аракети кандай болот деген собол коомдо күч. Аны менен бирге ушундай дымыгуу болуп турган чакта революциялык комитеттин баш көтөрүшүнөн акыркы беш жылды пикет, митинг менен өткөрүп келаткан коомдо бир чети чочулоо, бир чети кызыгуу да жок эмес. Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун баамында, революциялык комитеттин түзүлүшүнө парламенттик шайлоодон кийинки кырдаал өзү жол берди. Анткени шайлоодо добушту бурмалоо коомдо нааразылыкты күчөттү дейт Ниязов:

-Өткөн шайлоодо бийлик өзү мыйзамдарды бузгандан кийин элден тартипти сактоону талап кылууга мүмкүнчүлүгү болбой калды. Маданияттуу күрөшкө тыюу салынды. Ошондуктан ушундай революциялык комитеттер түзүлүп жатат .

Ниязовдун айтымында, бирок революциялык кадамга баруу Кыргызстан үчүн кооптуу. Анткени өлкө ичиндеги коопсуздуктун абалы кыйын:.

-Коопсуздук жагынан биздин ахыбалыбыз жакшы эмес. Ошондуктан бул жолду тандагандар каякка алып барар экен? Революциялык жол акыры жакшы жолго алып барбайт. Анткени эки жолу адаштык. Биринчи жолу Акаевди шайлап алып, 15 жыл мойнубузга отуругузуп жүрүп акыры качырып жибердик. Мына экинчи президент келди. Анын дагы эл деген аракети анча болбой жатат ,- дейт М.Ниязов.

Ал эми адилет министри Марат Кайыпов революциялык болобу же башка багытта болобу, дегеле жашыруун иш жүргүзүүгө мыйзам жол бербесин баса белгилеп, эгер Азимбек Бекназаров баштаган комитет кандайдыр бир опурталдуу кадамдарга бара турган болсо бийлик чара көрүүгө мажбур болорун да эскертти:

-Революциялык комитет деген коомдук уюмбу же өкмөттүк эмес уюмбу? Дегеле юридикалык жак катары Адилет министрлигине же анын жергиликтүү бөлүмдөрүнө документтер келип түшкөн эмес. Буга окшогон уюмду түзгөн адам расмий каттоодон өткөндөн кийин гана түздүм деп айта алат. Экинчиден, жашыруун түрдө саясий партияларды же кыймылдарды түзүүгө Кыргызстанда мыйзам чегинде тыюу салынган. Ошон үчүн жашыруун түрдө кандайдыр бир жыйындарды өткөрүү жана чечимдерди кабыл алуунун өзү мыйзамга карама-каршы келет.Эгер Конституцияга жана мыйзамдарга каршы келген ушуга окшогон иш-аракеттер жүргүзүлсө, ал жарандарга бийлик мыйзам чегиндеги чараны көрөт.
XS
SM
MD
LG