Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Азербайжанда өткөн жылы экономика 25 процентке өстү. Акчалай туюнтмада ички дүң продукт азыр 80 миллиард доллардан ашты. Мындан он эки жыл илгери ал он миллиард долларга барабар болчу. Бакулук чиновниктер Европа Nabucco газ долбоорун тездеткенде былтыркы көрсөткүч алда канча жогору болмок деп эсептешет. Өткөн аптада Евросоюздун делегациясы Азербайжанда болуп, аталган долбоордун мүмкүнчүлүгүн байкап-багып көрүштү.

Ырасмий Брюсселди жергиликтүү чиновниктер Каспий алабынан Түркия аркылуу Европага тикелей газ куурун тартып өтүүнү караган Nabucco долбоорун курууну ыкчамдатууга чакырышты. Өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Натик Алиев бир эле Шахдеңиз кениндеги газдын запасы 1,2 триллион кубметрге жетерине ишендирип, аны сатканга куур керек болуп жатканын белгиледи.

Мындан эки жылдай илгери президент Илхам Алиев өлкөдөгү газдын запасы көпкө жетпей турганын айткан эле. Эми болсо бакулук чиновниктер Европаны дагы жарым кылым “көгүлтүр отун” менен үзбөй жабдыганга Азербайжан жалгыз өзү жарайт деп айтышууда. Ошол эле учурда министр не бар, не жок деген кыязда Nabucco долбооруна Түркмөнстанды сөзсүз кошуу зарылдыгын,болбосо аны Россия өзүнө тартып аларын эске салып өттү.

Евросоюздун жакында Бакуда ачылган өкүлчүлүк кеңсесинин башчысы Алан Ваддамс да региондогу ресурстар үчүн дамамат оюндар, жарыштар жүрүп жатканын,ал Азербайжанда эле эмес, Каспийдин күнчыгыш жээгинде да кызый баштаганын кошумчалады.

Санаасы менен бат эле сасыгандай бай болуп алгысы келген өкмөттүн мындай пландарына өлкөдөгү калк анчейин ишене бербейт. Муну европалык делегациянын өкүлдөрү да байкашты. Өлкөдө бензин биртке арзан болгону менен айлык акы жалчылтпайт, иштеп тапкан мыдырын карапайым тургундар негизинен электр жарыгы, газ жана башка кызматтар үчүн сарп кылышат.

Жергиликтүү укук коргоочулар,жарандык коом активисттери бүткүл энергетика тармагы калктын бир процентин гана жумуш менен камсыз кылганга жарап жатканын, табигый байлыктардын экспортунан түшкөн кирешеден бийликтеги катмардын капчыгы кампайбаса, карапайым эл андан сокур тыйынча пайда көрө электигин, өлкөдө мунай кирешеси канчага өссө, саясий эркиндиктер ошончо эсе азайганын белгилешти. Тогуз жылдай илгери Азербайжандагы маалымат каражаттарынын 55 проценти эркин болсо, азыр алардын саны 5 процентке араң жетет. Жыл сайын журналисттер камалып турат, айрымдары белгисиз жагдайда жайран болушат. Быйыл октябрда боло турган президенттик шайлоо эркин жана адилет өтөрүнө эч кандай кепилдик жок. Дагы он-он беш жылдан соң “дүйнөдөгү биринчи мусулман демократиясы” болобуз деп өзүн да, өңгөнү да ишендирген өкмөттүн дымагына кошулгандар өтө эле аз.

Евросоюздун өкүлдөрүн Азербайжандын эркиндик чөйрөсүндөгү келечеги менен бирге анын жарым кылымга чейин түгөнбөйт деген “көгүлтүр отун” кору да бир топ шектентип жатат.
XS
SM
MD
LG