Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер жекшемби күнү Астанага сапар менен келип, ЕККУнун төрагалыгына киришүү алдында Казакстан убада кылган демократиялык реформаларды ишке ашырыш керектигин билдирди. Астана 2010-жылы ЕККУга төрагалык кылууга киришет.