Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

ООГАНСТАН ООР КЫШТЫ БАШТАН КЕЧИРҮҮДӨ


Ооганстан да аймактын калган өлкөлөрүндөй эле быйыл cоңку ондогон жылдыр ичиндеги эң оор кышты баштан кечирүүдө. Декабрдын орто ченинен берки катуу аяздан улам 750дөн ашуун киши каза тапты, калк жүз миңдеген ири мүйүздүү малынан ажырады. Калың кардан улам тоодогу жолдор жабылып, алыскы кыштактардын жашоочуларына алар өтө муктаж жардамды жеткирүү ишин огобетер кыйындатты.

Бир эле мисалга - Ооганстандын батыш бөлүгүндө жайгашкан Герат провинциясындагы жагдайга токтолсок, жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, өткөн дем алыш күндөрү эле провинция борборундагы ооруканага үшүккө чалдыкан токсондон ашуун адам түштү. Алардын көпчүлүгү үшүк алгандан улам пайда болгон гангрена денесинин калган бөлүгүнө тарап кетпеши үчүн манжаларын кестирүүгө мажбур болуп жатышат. Он төрт жаштагы Сардар Мохаммад аттуу өспүрүм мына ошондой тагдырга кириптер болгондордун бири:

-Мен карда эки түнгө калып калдым. Эки түндөн кийин адамдар мени эптеп алып чыгып, ооруканага жеткиришти. Үшүк алып кеткенден улам дарыгерлер бармактарымды кесип салышты. Мен бактысыз адам экенмин. Үшүк урган башка бармагымды алдырыш үчүн мен дагы бир операцияга муктажмын.

Айтор, быйылкы кыш оогандардын ээсинде узакка калчыдай болуп турат. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, декабрдын орто ченинен берки катуу ызгаардан улам өлкө боюнча 750дөн ашуун адам суука чалдыгып каза тапты. 230 миңден ашуун ири мүйүздүү мал кырылды. Кыштын айыл-чарбасына узак мөөнөткө тийгизүүчү ыктымал кесепеттери боюнча тынчыздануулар айтылып жатат. Көпчүлүк өзүн алдыдагы айларда тамак-аш менен камсыздай албай калабы деген кооптонуулар бар. Сууктан улам азык-түлүктүн, отундун баасы асмандап кетти.

Ооганстандагы оор кышка байланыштуу Улуттар уюмунун азык –түлүк программасы келерки түшүм жыйналганга чейин эки жарым миллиондой ооганга тамак-аш жагынан кошумча жардам ажыратуу чакырыгы менен эл аралык коомчулукка кайрылды.

Ал эми ызгардуу аяз аскерий иштерге кандай таасирин тийгизүүдө? Өлкөнүн түштүк-чыгышында, Пакистан менен чектеш тоолуу аймактарды көзөмөлдөгөн америкалык аскерлердин айтымында, аяз "ал-Каида" менен талиб согушкерлеринин кол салууларын азайтты. Анткени, октябрдан тарта эле түшө баштаган калың кар тоодо ары-бери каттоону кыйындаткан.

Бирок, ошол эле учурда кышкы тыныгуудан пайдаланып, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү пландары да ишке ашпай турат. Маселен, Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Пактика провинциясында жайгашкан америкалык аскерлерде мына ушундай үмүт болгон эле. Алардын өкүлү, лейтенант Коллин Кафлей мындай дейт:

-Бул азыр – кыш мезгилинде мүмкүн болбой турат. Аба –ырайыдан улам уруштардын саны азайды. Биз аймактан көптөгөн согушкерлер кетип жатканын көрүүдөбүз. Козголоңчулар тараптан зыяндуу аракет жасалбаган бул учур курулуш иштери үчүн укмуш болушу керек эле. Бирок, аба –ырайыдан улам жакшы эмес.

Америкалык аскерий өкүлдүн айтымында, калыбына келтирүү иштери жаздын келиши менен алдыга жыла баштайт. Бирок, кардын эриши ошол эле кезде "ал-Каида" жана талиб согушкерлеринин чабуулдарын жандандырары да күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG