Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Бурулкан Турдубек кызы, Бишкек Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук комитети бүгүн Кыргызстандын акыйкатчылыгына талапкерлерди тандаганы жатат. Комитеттин сунушуна ылайык, апта этегинде парламентте акыйкатчыны шайлоо өтөрү күтүлүүдө. Ага жараша шайлоо алдында акыйкатчынын орду коомчулуктун талкуусуна түшкөн башкы маселелердин бирине айланды.

Акыйкатчыга талапкердикке көрсөтүү мөөнөтү кечээ аяктаган. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, акыйкатчылыкка беш талапкер сунушталды. Алардын катарында Бүбайша Арстанбекова, Турсунбек Акун, Каныбек Абдыкадыров, Шарипа Салимова бар. Булардан тышкары азыркы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да көрсөтүлүүдө.

Кыргызстанда акыйкатчы институту 2002-жылы негизделген. Өткөн беш жыл ичинде бул институт Кыргызстандагы адамдардын Конституциялык, Эл аралык укуктарын, эркиндиктерин көздүн карегиндей сактоого олуттуу салым кошо алды.

Мындай тыянакты иш мөөнөтү аяктап бараткан алгачкы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жыл сайын өз отчетунда чыгарып келатат.

СДП фракциясынын мүчөсү Осмон Артыкбаев да акыйкатчыны кубаттаган пикирин «Азаттыкка» билдирди:

- Бир топ деңгээлге көтөрүп койду. Бул Бакир уулунун билимдүүлүгүнө, саясатчылыгына жана эл аралык деңгээлине жараша болууда.

Депутаттан айырмаланып, «Жарандык коом коррупцияга каршы» укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова Кыргызстандагы акыйкатчы институтунун эл аралык нормалардын чегинде иш аткарууга жарамсыз болуп калыптанып калганына өкүнүчүн айтты:

- Бул жөн эле отчеттук институт болуп калды да. Бул эми жеңил, аны топтоп, бир жылда миңдеген киши кайрылды, аны минтип чечтик дегенди башка мамлекеттик эмес уюмдар деле жасап аткан иш.

Төлөкан Исмаилова мунун себебин институттун мамлекеттен каржылык көз карандылыгы менен байланыштырышат.

Акыйкатчы институтуна байланышкан өзгөрүүлөргө көз салган башка бир топ байкоочулар азыркы шартта бийликтен көз карандылык мындан да күчөшү мүмкүн экенин айтышууда. Мындай пикирдин жаралышына президент акыйкатчылыкка сунуш кылган талапкер Турсунбек Акундун «Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүшү түрткү болууда.

Жаңы долбоордо парламент шайлаган акыйкатчыны президент бекитери тууралуу жобо киргизилген. Муну маселен, Төлөкан Исмаилова артка чегинүү катары баалады:

- Президент кол коет, анан мен президент менен иштешем деген бир четинен эч качан эгемендүү боло албайт. Болом десе дагы болдуртпайт. Акыйкатчы – анча мынча маселелерди чече турган виртуалдуу институт болуп калат.

Жаштардын «Жебе» кыймылынын мүчөсү Элегия Мусаева "азырынча Кыргызстандын акыйкатчысынын ишмердүүлүгүн салыштырып баалоо мүмкүнчүлүгү жок" дейт. Ошондуктан, жаңы кан жүгүртүп, жаңы акыйкатчыны шайлап, анын ишмердүүлүгүнө көз салып анан, бул институттун ордун салмактап көрсө болот. Мусаеванын баамында акыйкатчылык үчүн ашынган саясатчы болуунун деле кажети жок:

- Эң биринчиден, ушул жумушка жан дили менен берилип, акыйкатты карап, ошонун жанында болушу керек.

Ал эми Осмон Артыкбаев акыйкатчы саясий жактан зирек болушу жөндүү дейт:

- Саясат жана укук жагынан өтө терең билими бар адам барыш керек деп ойлойм. Эл аралык деңгээлдеги укукту жакшы түшүнгөн принципиалдуу адам болушу керек.

Ошентип, байкоочулар дээрлик президент сунуштаган талапкер Турсунбек Акундун жана «ЭрК» партиясы сунуш кылган талапкер Турсунбай Бакир уулунун айланасында көбүрөөк кеп кылып, ар кими жан тарткан талапкерин тымызын колдоп турган кез.

Парламент болсо акыйкатчыны жөнөкөй көпчүлүк менен ушул аптанын этегинде шайлай тургандыгы болжолдонууда.
XS
SM
MD
LG