Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

Шайлообек Дүйшеев, Бишкек “Аалам” гезити “Кыргызтелекомдун” баасы бычылдыбы?”, “Бакиев Барктабасовду премьер кылабы?”, “Азим Исабеков Чүйдүн губернатору болобу?”, “Бийлик менен оппозиция курсак тойгузбайт” деген, “Де-факто” гезити “Эсеп палатасынын эсеби”, “бажы сырлары же акыркы үмүт президентте” деген, “Агым” гезити “Министр Молдомуса Коңгантиев азыркы бийликтин эң кыйын атчабары”, “Абрамзондон акыйнек”, “Белый пароход” гезити “Диний ренессанс”,”Экстремисттер түндүккө жутунууда”, “Эгер Акаев качпаганда” деген өзөктүү макалалар менен гезит күркөлөрүнө түштү. Эми кыскача баяндообузга өтөлү.

Жыргаган өкмөт башчысына жарыбай калганда чыгаан ишкер, кыргыздын мекенчил уулу Урмат Барктабасовду премьер-министр кылып алып келүү туурасында жогор жакта сөз болуптур деген кеп тарады. Урмат Барктабасовдун күчтүү экономикалык программасы бүгүн зарылдыкка айланганын, бардыгы турмуш чындыгына шайкеш келгенин, ал жарым жылга жетип-жетпеген мезгил аралыгында мекендештерине 200 миллион сом кередит берип, анысын кечип жибергенин, азыр ал араб, немис, американ ишкерлери менен ийгиликтүү өнөктөшүп иштеп жатканын акыры эстешиптир деп жазган “Аалам” гезити, У.Барктабасовго жок жерден кылмыш иши козголуп, жалган жалаа жабылганын, кыргыз деп чындап күйгөн белгилүү ишкерге жабыштырылган мына ушул куру “калбырды” алып салууга президенттин саясый эрки жетсе У.Барктабасов эли-жери үчүн иштеп берүүгө даяр экен деп белгиледи.

Ушул эле гезит Акүйдөн келген маалыматтарга таянып, Чүй облусунун губернатору К.Сыйданов кызматынан шыпырылып, анын ордуна экс-премьер-министр Азим Исабеков дайындалган буйрук даяр турганын, 2003-2005-жылдары Танаевдин өкмөтү да “Кыргызтелекомду” сатабыз деп дүрбөп, баасын 150 миллион долларга бычып Жогорку Кеңешке алып келгенде ошондогу депутаттар Акаев киришкенине карабастан саттырбай сактап калышканын, эми ошол “Кыргызтелекомду” сатуу маселеси кайрадан козголуп, ал 37 миллион долларга бааланыптыр деген сөз тараганын, эгер жалпы жонун жалаң “акжолчулар” түзгөн депутаттардын намысы болсо саттырбай каларын, намысы болбосо сатылып кетерин, а чындап келгенде “Кыргызтелекомдун” базар баасы адистердин айтымында 1 жарым 2 миллиард доллар турарын кабарлады.

“Агым” гезити Атамбаев бүгүн партия тыңчыкмаларын жыйып, мындан аркы саясый багытын аныктап, бийликке тиш кайрап көргүсү келип атканын, президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев КТРды сурап, тилекке каршы ал буюрбай калган соң “Кыргыз туусу” гезитине баш редактор болуп барганга муюп турганын, келе жаткан 24-мартта президент Бакиевдин Казакстанга иш сапары болорун, бирок ага дейре казактар алабыз деп турган пансионаттардын тагдыры, ошондой эле Таластагы, Ысык-Көлдөгү казак боордошторго “устукандалуучу” кайран жерлер тууралуу парламентте талкуу жүрөрү, эгер жаңы келген депутаттар Ата Журтту ыйык деп санаса буларды коргоп каларын, Көлдүк “көзгө атарлардын” төртөө кызыл китепке кирген 43 аркарды кырып салганы үчүн мыйзам алдында жоопко тартылганы калганын, бул “кожожаштар” 59 жаштагы Касымов, 33төгү Арыков, 29дагы Токтомбаев, 25теги Байтереков экенин, алар мамлекетке 377 миң 540 сом зыян келтиргенин маалымдады.

“ Белый пароход” гезити акыркы 5 жыл ичинде Кыргызстандагы экстремисттик уюмдарга кирген активисттердин саны 7 эсеге өскөнүн, саясат иликтөөчүлөр биримдигинин эсеби боюнча 90-жылдары диний-экстремисттик уюмга мүчө болгон кыргыз жарандарынын саны 500-600адамдын тегерегинде болсо, 2002-жылы эле 2 миңге чейин өсүп кеткенин, бул уюмдар торун бүтүндөй республика боюнча жайылтып жатканын, белгилүү саясат иликтөөчү Нур Омаровдун айтымында эгер ушул темп менен жүрүп олтуруп исламисттер бийликке келсе Кыргызстан экинчи Ооганстанга айланарын эскертти.

“Де-факто” гезити ай сайын Кытайдан Нарын бажыканасы аркылуу болжол менен 2 миңдей жүк ташуучу машине өтүп турат, кыргыз-кытай чегарасынан өткөн ар бир комерсант референдумга чейин ырасмий төлөмдөрдөн сырткары 800 сомдон төлөп келсе, алардын референдумдан кийинки ставкасы 1300 сомго өстү. Кытайдан Кыргызстанга жумасына ар биринде 28 жүргүнчү олтурган атайын 6 автобус өтөт. Бир айга эсептегенде бажычылар алардан 982 миң сом же 27 миң доллар ашык алат. Бизнес кылгандар бул акчаны аргасыз төлөйт, себеби жүктү Нарындан растаможка кылуу өтө ыңгайсыз. “Бул төлөмдөрдүн” бардыгы өлкө бюджетин кыйгап өткөн акчалар деп жазды “Бажы сырлары же акыркы үмүт президентте”аттуу макаласында.
XS
SM
MD
LG