Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

14:55 Кыргыз мектептериндеги билим сапатын жогорулатуу боюнча ири долбоор ишке кирет


Долбоор негизинен мамлекеттин билим берүү саясатына колдоо көрсөтүүгө багытталмакчы. Анда окуучуларды жана окутуунун сапатын баалоодо замантөп методологияны кеңири колдонуу менен окуу пландарын жана билим берүү саясатын иштеп чыгуу жараянына мугалимдердин өздөрүн катыштыруу, мугалимдердин жетишсиздиги өңдүү маселени жоюда кыргыз өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун көбөйтүү жана мектептерди башкарууда ачык-айкын каржылоо системасын колдонуу каралган. АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) каржылап жаткан бул “Сапаттуу билим” долбоору жалпысынан Кыргызстан, Тажикстан жана Түрмөнстандагы сапаттуу базалык билим алууну жакшыртууну көздөйт. Кыргызстандагы долбоор жетекчиси Кеңешбек Сайназаровдун айтымында бул иш-аракеттердин алкагында биринчи кезекте алыскы айылдардагы мүмкүнчүлүктөрү тар бирок мүдөөсү күчтүү мектептер колдоого алынмакчы. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG