Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитети бүгүн акыйкатчылыкка талапкерлерди карады. Комитеттин мүчөлөрү парламентке бул орунга көрсөтүлгөн беш адамдын тең талапкерлигин сунуштамай болду. Акыйкатчылыкка талапкерлигин азыркы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, укук коргоочулар Турсунбек Акун, Бүайша Арстанбекова, Салима Шарипова жана Каныбек Абдыкадыров көрсөтүшкөн.(MSu)