Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

17:31 Талас районунун Арал айыл өкмөт башчысын бюджетке кол салган деп айыпташууда


Айыл башчысы Абдысадыр Турусбековду бир жылдан бери жергиликтүү депутаттар жана айрым тургундар айыл өкмөткө тиешелүү 772 миң сомду өз кызыкчылыгына пайдаланган деп айыпташууда. Бүгүн Арал айыл өкмөтүнүн имаратында жергиликтүү депутаттар чогулуп, анын ишин кароону көздөшкөн. Айыл башчы келбегендиктен анын ишин кароо башка күнгө жылдырылды. Арал айылынын тургуну Исмаил Өмүрбеков айыл өкмөт башчы качып жүрөт деген пикирде. Айыл өкмөт башчынын жактоочуларынын айтуусунда Турусбеков айылдагы клубдун имаратын оңдоттурду, көпүрө салдырды жана башка бир топ жакшы иштерди жасаган жана качпай эле ооруканага кеткен. (UA)

XS
SM
MD
LG