Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Украин өлкө башчысы Ющенко газ маселесин чечүү үчүн бүгүн Москвага келет


Бүгүн ал орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөр өткөрөт. Бир аз мурдаарак «Газпром» эгер Украина Орусияга 12-февралга чейин карызын төлөбөсө, газды токтоторун эскерткен болчу. «Газпром» Украина жаратылыш отуну үчүн Орусияга бир жарым миллиард доллар эсебинде карыз деп келет. Ал эми Украина орус тарап таңуулап жаткан бул карызды четке кагып келген. 2006-жылы бул эки өлкөнүн ушундай газ чатагынан Батыш Европага газ ташуу үзгүлтүккө учураган эле.

XS
SM
MD
LG