Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

БАКИЕВДИН КӨЗ АЛДЫНДА АР ДАЙЫМ АКАЕВ ТУРАТ


“Дело №...” гезити саясат иликтөөчү Валентин Богатыревдун “Мөөнөтсүз шайлоо деген ойдон чыгарылган сенсация” аттуу баарлашуусун басты. Анын оюнча азыр президенттик шайлоо өткөрүүнүн эч кандай зарылдыгы жок. Биринчиден, азыркы президент өз милдетин 2010-жылга чейин аткарат деп Башмыйзамда жазылып турат. Экинчиден, 2008-жыл өтө оор жылдардан болот. Азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттап, элдин экономикалык жагдайы кыйындайт. Мына ушундай учурда шайлоого баруу өзүн-өзү жок кылуу менен барабар.

Андан ары Богатырев мырза оппозициянын азыркы абалына баа берип, оппозиция өзүн өзү жаманатты кылды, өткөн күздө ал референдум бурмалоолор менен өттү, референдум легитимсиз болду деп эл-журтка барабан кагып чыгып, кайра дал ошол легитимсиз референдумда кабыл алынган Шайлоо Кодекси аркылуу парламенттик шайлоого аттанганын кантип түшүнсө болот, көрсө оппозиция үчүн деле Конституциянын легитимсиздиги түккө турбаган нерсе экен, андагылардын болгон максаты эле эптеп депутаттыкка жетүү экен, мына ошентип оппозиция өзүн өзү сатты деп айтты.

Саясат иликтөөчү андан ары президент Бакиевге токтолуп, Кыргызстанда оппозицияны казактар же өзбектер сыяктуу муунтуп жок кылуу мүмкүн эместигин, анткен сайын саясый баш оору күчөөрүн, бийлик бүгүн оппозицияны куугунтукка алса, эртең ошондой эле тагдыр анын өзбашына келип тийерин жакшы билерин, Бакиевдин көз алдында ар дайым Акаевдин кандайча кеткени турарын, анын үстүнө дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун өз үйүндөй жашап кеткенге көнгөн косомполит Акаевден айырмаланып Бакиев Кыргызстандан тышкары өз жашоосун элестете албастыгын, кыскасы ал өз Мекенинен эч жакка кетпестигин айтты, саясат иликтөөчү Валентин Богатырев.

ЕвроАзия экономикалык союзунун өткөн айдын аягындагы Маскөө жолугушуусунда Тажикстан республикасы электр энергиясына катуу таңсык болуп, өлкөсү тоңуп калалекте жардам берип койгула деп Кыргызстанга кайрылганын, Бишкек бул өтүнүчкө дароо кол сунуп, февраль айынан тартып коңшу Тажикстанга 11 миллион киловатт саат электр энергиясын жөнөтүп келатканын, анын акысын тажиктер кийинчереээк төлөп бермекчи болгонун кабарлаган “Аргументы и факты в Кыргызстане” гезитинин жазганына караганда электр энергиясынын абалы бизде деле жакшы эмес, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү суткасына 30 сантиметрге чейин төмөндөп, аянварь айында аны пайдалануу чыгымынын көлөмү күнүгө Нарын дайрасы куюп жаткан суунун көлөмүнөн 9 эсеге көптүк кылууда, кризистен чыгуунун дагы бир жакшы жолу-электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну Кыргызстандын ар бир жараны жакшылап үйрөнүшү керек.

“Алиби” гезити “бүткүл кыргыздардын күйөө баласы” Адил Тойгонбаевди Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси кайрадан көтөрүлө баштады, 2006-жылы Акаевдин күйөө баласынын Кант цемент-шифер комбинатына байланышкан иши ошол кездеги паламенттик комиссия тарабынан ачыкка чыгып, комиссия мүчөсү Б.Шерниязовдун айтымында Тойгонбаев жогорудагы комбинаттын 30 пайыз акциясына кожоюндук кылары белгилүү болгон, анан күйөө баланын А.Бекназаров бетин ачтым деген бул иши эмне үчүн Баш прокуратура тарабынан былк этпей кармалып келгенине таңбыз деген гезит, болуптур Тойгонбаевди кармап келалбайт экенбиз, а эмне үчүн цемент-шифер комбинатын Кыргызстанга кайтарып алууга болбойт?

Тойгонбаев Казакстанга качып кеткен менен комбинат ордунда эле турбайбы, аны дагы эле казак тарап иштетип келатпайбы, “күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр” кылбай эле ошол казактар өз күйөө баласы Рахат Алиевди сыртынан 20 жылга соттоп жибергендей Тойгонбаевге кылмыш иши козголгону чын болсо биз деле аны сыртынан соттоп, ага тиешелүү 30 пайыз акцияны мамлекетке кайтарып алсак болбойбу? Мүмкүн бул мамлекеттин эмес, айрым бир адамдардын кызыкчылыгы болуп жүрбөсүн? Бизге акыры Адил эмес, адилеттик керек эмеспи деп жазды гезит.

Ушул эле басылма “оппозицияны алсыраттык дегендер бийликтин да беделин кетирди” деп жазды. “Бакиевден айрылгысы келбегендер, байлыгынан айрылгысы келбегендер, Акаевдин убагындагы мите курттар азыр Бакиевге жармашып алган, Акүй акылмандары Тбилиси сценарийин Кыргызстанга көчүрүп келүүнү самап жатканы ачык эле көрүнүүдө, ал ортодо “Ата Мекенге” Вашингтон эмне деп шыбыраганын кайдан билебиз, анткени мындан бир канча жыл мурда Бакиев оппозиция лидери катары АКШга барып келгенден кийин эле Координация Кеңешин түзүп чыга калбады беле?

Азыр ажолукка аттанам дегендердин саны күн санап өсүүдө. Аларга: Д.Үсөновду, А.Мадумаровду, А.Атамбаевди, Т.Сариевди, Ө.Текебаевди, А.Бекназаровду, А.Жекшенкуловду кошсо болот. Булардын ичинен Бакиев үчүн эң коркунучтуусу- Үсөнов-Мадумаров тандеми. Айтор Акүйдө Бакиевдин досунан душманы көп” деп белгиледи.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG