Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

RWB: БАТЫШТЫН ЭКИ ЖҮЗДҮҮЛҮГҮ БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИНЕ ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮДӨ


Азыркы учурду “Чек арасыз кабарчылар” уюму дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө журналисттик кесипти аркалагандар үчүн кооптуу кезең бойдон калды деп эсептейт. Жаңжалдуу аймактар, цензура чөйрөсү, шайлоо өнөктүктөрү маалымат каражаттарына, алардын кызматкерлерине коркунуч келтирген факторлорго айланды. Батыш өлкөлөрү, эл аралык абройлуу уюмдар дүйнөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүндөгү басма сөз эркиндигин коргоодо өтө эле мажестик кылып жатышат.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму өзүнүн ушул жана башка тыянактарын дүйнөнүн 98 өлкөсүндөгү басма сөз эркиндигинин былтыркы жылдагы абалы менен сыпаттап көрсөтөт. Шри Ланкада, палестин аймагында, Сомалиде, Нигерияда, Чадда жана айрыкча Иракта “дээрлик апта сайын журналисттердин өмүрү кыйылат”, деп айтылат уюмдун кезектеги жылдык докладында.

Документте постсоветтик өлкөлөрдүн көбүндө маалымат каражаттарына “кусаматчыл мамиле” адатка айланып баратканы белгиленет. Буга башкы мисал кылып уюмдун Европа жана экс-совет аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Элза Видал Россияны атады.

Орус бийликтери таламандын тал түшүндө эле журналисттердин көзүн тазалап кетип жаткан кылмышкерлерди тапмак турсун кайра кабарчылардын өздөрүн айыптап, айрымдарын акылы караптаган адамдарды дарылаган ооруканаларга жаткырып салышат. Ал эми Белоруссия Советтер Союзунун тушундагы репрессиялар менен цензуранын эң мыкты өрнөгүн эске салат, дейт Видал.

Борборазия өлкөлөрүндөгү абалга кайрылып, Видал жагдайды жалпысынан окшош деп мүнөздөдү. Ошол эле учурда ал Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан өңдүү өлкөлөрдө кабарчылар, мисалы, өзбек журналисттери күн сайын туш болуп жаткан мүшкүлгө, же болбосо репрессивдүү Түркмөнстандагыдай проблемаларга кабыла электигин да кошумчалады.

Түркмөнстанды Видал басма сөздү ачыктан ачык душман санаган Эритерия,Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөрдүн катарында атады.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун баш катчысы Роберт Менард басма сөз эркиндигин коргоодогу “алсыздыгы, суу жүрөктүгү жана эки жүздүүлүгү” үчүн Батышты,эл аралык абройлуу мекемелерди айыптады.

Алардын өтүмсүздүгү жана мажестиги басма сөз эркиндигине чоң залака келтирүүдө, деп айтты ал. Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңеши Иран жана Өзбекстан өңдүү өлкөлөрдү өзүнө мүчө кылып алып, алардын кысымында калды.

Евросоюз болсо эркиндик принциптерин, демократияны коргогондун ордуна Брюсселдин санкцияларын каакымчалык көрбөгөн диктаторлор менен кызматташып,алардын алдында мококтук кылууда. Мунун мисалы катары докладда Азербайжандагы режим менен Евросоюз ортосундагы алакалар да аталат.

Менард Пакистанда,Россияда,Иранда жана Зимбабведе алдыдагы айларда болгону жаткан шайлоо өнөктүктөрүн бул өлкөлөрдөгү журналисттер үчүн кооптуу маал болот деп эскертти.

Кытайда жайкы Олимпиада жакындаган сайын маалымат каражаттарына кысым күч алды. Интернет сайттарына, атүгүл чөнтөк телефондору аркылуу сүрөттөрдү, чакан фильмдерди ким бирөөлөргө жөнөткөнгө тыюу салынды.

Түрмөдөн күн сайын журналисттердин жоон тобу бошотулса, алардын ордун жаңылары толуктап турат. Быйылкы жай кытай диссиденттери үчүн өтө кыйын мезгил болчудай, дейт Менард.
XS
SM
MD
LG